Бөлүмдөр
Шейшемби, 25-июнь
Нарын облусуАк-Талаа району 26.05.2019 13:36

Ак-Талаанын 2 айылындагы жаштар 1,5 км жолго түнкү чырактарды орнотуп беришти

Turmush -  Ак-Талаа районунун Ак-Кыя жана Көк-Жар айылдарынын аралыгындагы жолго түнкү чырактар коюлду. Бул тууралуу айыл тургуну Назира Чыкын билдирди.

Маалым болгондой, аталган айылдагы Асанаалы Абдраимов атындагы орто мектебин мындан 10 жыл мурун аяктаган классташтар Ак-Кыя жана Көк-Жар айылдарынын ортосундагы 1,5 чакырым жолго 17 даана түнкү чыракты мамылары менен кошо коюп беришти. Ал үчүн 150 миң сом каражат сарпташкан.

«Ак-Кыя жана Көк-Жар айылы биригип, Көк-Жар айыл өкмөтүн түзөт. 2 айыл бири-биринен 1,5 км аралыкта жайгашкан. Айылдардын ортосун чоң сай бөлүп турат. Караңгыда айыл тургундары бир айылдан экинчи айылга каттоодо кыйналып келишкен. Өзгөчө Көк-Жар айылында жашаган окуучулар Ак-Кыя айылындагы Асанаалы Абдраимов атындагы орто мектебине келип-кетип окушат. Кыш мезгилинде күн кыска болгондуктан окуучулар окуу бүткөн соң караңгы учурда үйүнө кайтышат. Ал эми 2 айылдын ортосу бийик-бийик жар менен курчалган. Сайда жалгыз көпүрө бар. Караңгыда адамдардын каттоосуна бир топ эле коркунуч жаратып келген», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×