Бөлүмдөр
Бейшемби, 20-июнь
Нарын облусу, Нарын 25.05.2019 16:02 Жаңыланды: 25.05.2019 20:06

«Всегда готов»: Нарындагы 1-класстын окуучусунун таң калтырган бийи. Видео

Turmush -  Бүгүн, 25-майда Нарын шаарындагы В.Чкалов атындагы орто мектебинин 1-классынын бүтүрүүчүсү Тилек Токонов акыркы коңгуроодо өзүнүн бийи менен көпчүлүктүн эсинде калды. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы маалымдады.

Маалыматка караганда, 7 жаштагы Тилек салтанат учурунда ырдаган классташынын жанында туруп, тартынбай бийледи. Тилектин класс жетекчиси Татьяна Балаева окуучусу сабак учурунда дагы тартынбай ырдап-бийлеп, көңүл көтөрүп турарын айтты.

«Менин бул окуучум боорукер, өтө жароокер бала. Сабакта отурганда деле бир музыка угулуп калса эле бийлеп калат. Аны көрүп биздин дагы көңүлүбүз көтөрүлөт. Ыр-бийге абдан шыктуу десем болот. Мен дагы баланы кагып-силкип урушпайм, эркин коем. Негизи бул бала өзү да ошого көнгөн жана эркиндикти талап кылат. Эч тартынуу, уялуу сезими жок. Класска киргенде күзгү, тарак бар. Чуркап келип, чачтарын тарап, костюмдарын оңдоп турат. Таланттуу бала экени 1-класска даярдоо классында окууга киргенде эле байкалган.

Бүгүн болсо Тилектин бийлегенин көрүп, эл аябай ыраазы болушту. Каякта эмне болбосун бийлеп жүрөт. Өткөндө «Алиппе» майрамында дагы башкалар ырдаса тура калып кошо ырдап, бийлесе кошо бийлеп жатты. Аткаруучулук талантка ээ. Андан сырткары аскердик салам (честь) бергенди жактырат. «Мы готовы», «всегда готов» дегенди көп айтат. 11-класстарга кыскача ырларды, куттуктоолорду айтып жатканда аскер адамындай түптүз басып келип, бурулуп ырын аткарып, баарын күлдүргөн. Ошондо дагы классташтары ырдаса кошула калып ырдап, артисттик талантын көрсөткөн. Бардык жагынан таланттуу бала. Келечекте сыймыктанчу бала болот деп ишенем. Мектепте дагы жакшы окуйт. Орусча десең орусча, кыргызча десең кыргызча ырдап берет. Апасы Анара Абдрасулова дагы менин окуучум болчу. Азыркы тапта мектепте англис тилчи мугалим болуп иштеп келет», - деди мугалим.

В.Чкалов атындагы мектепте жалпы 909 бала окуйт. Быйыл 1-классты 205 бала бүттү.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×