Бөлүмдөр
Шейшемби, 18-июнь
Нарын облусу, Нарын 25.05.2019 15:42

Нарында күч түзүмдөрүнүн командаларынын арасында кичи футбол боюнча мелдеш өттү

Turmush -  Кечээ, 24-майда Нарын шаарында Мамлекеттик чек ара кызматынын 20 жылдык мааракесине карата күч түзүмдөрүнүн командаларынын арасында кичи футбол боюнча мелдеш болуп өттү. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Маалым болгондой, мелдешке 9 команда катышты. Жыйынтыгында 1-орунду Нарын ОИИБдин командасы, 2-орунду №2025 аскер бөлүктүн командасы 3-орунду милициянын кайгуул-күзөт кызматынын командасы ээледи. Мелдештин жыйынтыгында Эстебес уулу Ринат «Мыкты дарбазачы», Аксайбеков Канат «Мыкты коргоочу», Советбек уулу Өмүрбек «Мыкты коргоочу», Рысбек уулу Эрлан «Көп гол киргизген оюнчу» номинациясын алышты. Жеңүүчүлөргө дипломдор, медалдар тапшырылды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×