Бөлүмдөр
Жума, 21-июнь
Нарын облусуЖумгал району 25.05.2019 15:13 На русском

Жумгалда 54 млн сомго оңдолгон «Дыйкан» суу сактагычы ачылды

Turmush -  Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кечээ, 24-майда Жумгал районунун Баш-Кууганды айылында 54 млн сомго оңдоодон өтүп, пайдаланууга берилген «Дыйкан» суу сактагычынын ачылыш аземине катышты.

Аймактык кабарчы билдиргендей, өкмөт башчы жумушчу сапарынын алкагында райондогу бир катар ирригациялык суу тутумдарынын абалы менен таанышты. «Дыйкан» суу сактоочу жайы 2017-жылдын сентябрь айында реабилитациялоо боюнча КРнын Улуттук стратегиясына киргизилип, оңдоодон өтүп баштаган. Кыргыз өкмөтү тарабынан жалпы 61 млн сомдук тендер жарыяланып, аны 54 млн сомго Жалал-Абад курулуш монтаждоо башкармалыгы утуп алып, суу топтоо жайын ишке берген.

Айыл чарба, тамак-аш, өнөр жай жана мелиорация министрлигине караштуу Суу чарба жана мелиорация департаментинин директору Көкүмбек Таштаналиевдин айтымында, бул бассейн 1 миң гектардан ашык жерди сугат суу менен камсыздайт.

«Курулуш объектисинин баасы 113,8 млн сомду түзөт. Суткалык суу куюу менен бассейн негизинен 239 гектар сугат жерин иштетүүнү шарттайт. Бара-бара 1041 гектар жер аянтын суу менен камсыз кылууга болот. Бассейндин курулушу 1989-жылы башталган. 1991-жылы мында бардык иштер токтотулган эле. Эми кайрадан өкмөттүн күчү менен жанданып, айыл чарбасына шарттар түзүлүп баштады», - деди Таштаналиев.

Премьер-министр Жумгал районунун жашоочуларын ирригациялык объекттин иштеп башташы менен куттуктады.

«Биз бүгүн райондун 3,5 миңден ашуун жашоочусун сугат суу менен камсыздаган ирригациялык объектти ишке берип жатканыбызга кубанычтамын. Аталган бассейндин курулушу 2017-2026-жылдары Кыргыз Республикасынын ирригациясын өнүктүрүү мамлекеттик программасына ылайык жүргүзүлгөн. Ал 2017-жылы Сооронбай Жээнбеков премьер-министр кезинде кабыл алынган жана 58,8 млрд сомго 44 ирригациялык объекттин курулушун камтыйт. Бул 66 миң гектар жаңы жерди иштетүүнү шарттайт. Мындан тышкары 110 миң гектар жерди сугаруу жакшырат», - деди өкмөт башчы.

Мындан тышкары, өкмөт башчы райондун Байзак айыл өкмөтүндөгү «Токтомуш» суу колдонуучулар ассоциациясынын ирригациялык инфратүзүмүн реабилитациялоонун жүрүшү менен таанышты.

Анда маалымдалгандай, бул сугат тутуму Орто-Кууганды, Жумгал дарыяларынан жана Кара-Суу суусунан алынат. Ички чарбалык жер каналдары сууну Орто-Кууганды, Жумгал жана Кара-Суу сууларынан алышат. Жалпысынан «Токтомуш» суу колдонуучулар ассоциациясына жалпы узундугу 49 км ички каналдар кирет. Бул объекттеги реабилитациялык иштер 2020-жылы аяктайт. Оңдоо иштердин жалпы суммасы 27,4 млн сомду түзөт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×