Бөлүмдөр
Жума, 21-июнь
Талас облусуТалас району 25.05.2019 14:21

Таластын Аманбаев айылындагы 10 жылдыктар айылдашына үй салып бермек болушту

Turmush -  Бүгүн, 25-май күнү Кара-Буура районунун Аманбаев айылындагы мектепте акыркы коңгуроо майрамы өттү. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Айыл өкмөттүн орун басары Бактыгүл Мураталиеванын айтымында, быйылкы 10 жылдыктар айылда жардамга муктаж аялга үй куруп бермек болушту.

«Айылдын тургуну Динара Сатыбалдиевага (турак жайы жок) үй куруп берүү үчүн быйылкы 10 жылдык бүтүрүүчүлөр жер бөлүп берүүнү суранышкан. Айыл өкмөт суранычты канааттандырып, 12 сотых жерди Динара Сатыбалдиевага жеке менчикке чыгарып берди», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×