Бөлүмдөр
Бейшемби, 27-июнь
Талас облусуТалас району 25.05.2019 13:40 На русском

Катар-катар «Lexus» айдап... Таластагы окуучулар «Манас Ордого» келе жаткан жеринен кармалышты. Видео

Turmush -  Бүгүн, 25-майда Талас шаарынын №4 орто мектебинин бүтүрүүчүлөрү «Манас Ордого» келе жаткан жеринен кармалышты. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо кызматкерлери билдиришти.

Маалыматка караганда, алар бир нече унаага түшүп, Талас районунун Таш-Арык айылындагы «Манас Ордо» комплексине келе жатышкан. Аларды комплекстин кире беришинен жол сакчылары токтотушту. Аларга түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, артка кайтарылды. Алар келе жаткан унаалар жол эрежесин бузушпагандыгы такталды.

Балдар өздөрүн Талас шаарындагы №4 мектептин окуучуларыбыз деп тааныштыргандыктан аймактык кабарчы аталган мектептин директору Чыңгыз Чаловго байланышты. Директор видеодогу окуучулар аталган мектептин балдары эместигин айтты.

«№4 орто мектебинин бүтүрүүчүлөрүнө ата -энелери менен түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, унаалар менен чыгууга тыюу салынган. Акыркы коңгуроо салтанаттуу иш-чарасы бүткөндөн кийин ата-энелер, окуучулар менен үйлөрүнө тарашкан. Маалыматтагы окуучулар биздин окуучулар эмес. Башка мектептин окуучулары болгон», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×