Бөлүмдөр
Бейшемби, 17-октябрь
Ош облусуАлай району 25.05.2019 12:44

Алайга аскерге чакырылган жоокерлер ант беришти

Turmush -  Кечээ, 24-майда Алай районундагы аскердик бөлүк Баткен, Жалал-Абад облустарынан келген жоокерлер менен толукталды. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы маалымдады.

Маалым болгондой, жоокерлердин ант берүү аземине район жетекчилери, аскер кызматкерлери катышты. Иш-чарада жоокерлер уруш ыкмаларын жана саптык жүрүш ыкмаларын көрсөтүштү. Салтанаттын аягында аскердик оркестрдин концертттк программасы тартууланды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×