Бөлүмдөр
Шейшемби, 18-июнь
Талас облусу, Талас 25.05.2019 10:22

Таласта чек арачылар менен милиционерлердин арасында спорттук мелдеш өттү

Turmush -  Кечээ, 24-майда Талас облусундагы күч түзүмдөрүнүн арасында спорттук мелдеш өттү. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынын Талас облусу боюнча башкармалыгынын башчысынын орун басары Мирлан Сатиндиев билдирди.

Анын айтымында, иш-чара Чек ара кызматынын 20 жылдыгына карата уюштурулду. Мелдешке Талас облустук ички иштер бөлүмүнөн «СОБР» командасы келди. 2 команда арасында таяк тартышуу, турникке тартынуу, гиря көтөрүү, кол күрөш, аркан тартыш жана футбол боюнча мелдеш өттү. Катышуучуларга кызыктыруучу байгелер тапшырылды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×