Turmush — Токтогул районунун Кызыл-Ураан айылында спорт аянчасы пайдаланууга берилди. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.
Маалым болгондой, аянтча айылдын Боз-Тектир аймагындагы У.Артыкбаев атындагы мектептин жанына салынды. Анын курулушу 2017-жылы башталып, жалпы 1 млн 470 миң сом каражат жумшалган. Курулуш иштерин тендерден утуп алган «Максым-Ата» ЖЧКсы жүргүзгөн.
Кызыл-Ураан айылында 3500дөн ашык адам жашайт. Негизинен мал чарба жана дыйканчылык менен алектенишет. Элетте 2 мектеп, 1 бала бакча бар.
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.