Бөлүмдөр
Шейшемби, 18-июнь
Талас облусуКара-Буура району 26.05.2019 19:00 На русском

Айыл турмушу: Кара-бууралык ашпозчу Ш.Сарпиева баскан аштардын саны 1000 казандан ашат (сүрөт)

Turmush -  Кара-Буура районунун Шекер айылынын 59 жаштагы тургуну Шайымбүбү Сарпиева Шайымбүбү таш кордо бышырып, курак курап, тойлордо аш басып жалпы айыл элине таанымал. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, Манас районуна караштуу Таш-Башат айылынын кызы. Кийин Шекерге келин болуп келген. Кесиби боюнча ашпозчу. Бош убактысында кол өнөрчүлүк менен алектенет.

«Өзүмдүн негизги кесибим ашпозчу. 2 жылдык окуусун бүтүп, Бишкекте ресторандарда иштедим. Айылга келип, союз тараганча ашпозчу болуп иштеп жүрдүм. Ушул күнгө чейин аш басып келем. Бул айыл эле эмес, район ичинен бышырткандар болот. Таш кордо, той-аштарда аш, салат жана нандардын түрлөрүн жасап, даамын чыгара куйрук туздап берем. Булардын баарына эл буйрутма беришет.

Таш кордо жасоодо 1 койду 1000 сомго бышырып берем. Ал 3-4 саатта даяр болот. Бышуусу койдун жашына карата да болот. Картаңыраак кой болуп калса 4 сааттай убакыт кетип калат. Ашпозчулукту үйрөтүп, аш баскандан колумду бошотоюн десем эч ким болбойт. Ашты 25 кг басам. Жумушу оор, пияз менен сабизди аралаштырганда бөйрөккө, боорго күч келет. Жаштар жеңил жумуштарды жакшы көрүшөт окшойт (күлүп). Бир казан ашты 500 сомго басам. Күзгө жакын жакшы пайда болот. Нооруз майрамда 7 казан аш бастым. Жалпысынан 1000 казандан ашык аш бастым. Быйыл эле таш кордонун өзү эле 20га жетип калды. Буйрутма коңшу айылдардан бери келет. Таш кордону көбүнчөсү куда тоскондо жасатышат. Аны өзүмдүн үйүмдөн жасап берем. Кой союлгандан кийин аны даамы чыгыш үчүн маринаддап коём. Кечинде маринаддасам эртеси бышырам», - деди ал.

Каарманыбыз кол өнөрчүлүктү да таштабай келе жатат.

«Курак курап, кийиз жасап, шырдак шырып, чермий тигип, барын жасайм. Кол машине менен отуруп алып тигүүгө дагы жетишем. Чермийларды 200 сомдон тигем. Мата-кечелерин базардан сатып алам. Тигүүчүлүк боюнча кол жөндөмүмдү улап калган кыз-келиндерим бар. Бүгүнкү күндө алар дагы убакыттарын текке кетирбейт. Курактарды кездеменин бекеминен өзгөчөлөп, кооздоп курай берем. Азыркы кезде кыжым кездемеден көп курап жүрөм. Курап бүткөндөн кийин кооз буюм даяр болуп чыга келет. Бирок курак куроо ийне менен жер казандай эле. Анткени кылдаттык менен кесип, бириктирүү майда жумуш. Кардар кандай буюм буйрутма берсе ошого жараша кездеменин өңүн ылайыктап алам. Өңдөрү дал келишпесе көрктүү болбой калат.

Буйрутмалар байма бай келе берет. Шекер айылынын тең жарымына тигип бердим го дейм (күлүп). Ар бир кардар «колуңа дарт бербесин» деп алкыш сөздөрүн айтып кетишет. Үйгө жасап койгон курак иштерим турбайт. Сатып алып кетип калышат (күлүп). Курактан көбүнчө каттама жана жылдыз куракты кураштырып тигем. Анткени ал кооз көрүнөт, бирок жумушу майда.

Кийиз-кечелерден буюмдарды жасоону токтотпойм. Андан майдараак баштыктан баштап чоң шырдакка чейин жасай берем. Кийизге 7 атанын атын дарак кылып жазууну пландап жатам. Кийиз иштери кайрадан жаңыланып келе жатканы дагы кубандырат», - деди ал.

Шайымбүбү Сарпиева 6 уул жана 3 кыздын апа. «Баатыр эне» төш белгисинин ээси.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×