Бөлүмдөр
Шейшемби, 25-июнь
Чүй облусуЖайыл району 24.05.2019 13:36 На русском

Милиция кызматкери М.Исаев: Кылмышкерди мына кармайм деп жатсам, аялым толготуп...

Turmush -  Чүй облусунун Жайыл районунун ички иштер бөлүмүнүн убактылуу кармоочу жайындагы ага тескөөчү, милициянын капитаны Мирзат Исаев аскерден келгенден кийин циркте эмгектенип, ат үстүндө акробатика көрсөтүп келген. Ал милиция кызматындагы эң эсте калган окуясын айтып берди.

«Жайыл районунун ички иштер бөлүмүндө аймактык тескөөчү болуп иштеп жүргөндө мен караган аймакта уурулук күч ала баштады. Кылмыштуулукка жол бербөө жана кылмыштын бетин ачуу үчүн, болгон аракетибизди жасадык. Бир жолу кылмышкерлердин изине түшүп, кесиптешим экөөбүз мына эми кармайбыз деп турганда келинчегим телефон чалып калды. «Толготуп жатам, үйгө кел» десе, «мен кылмышкерди колго түшүргөнү жатам, күтө тур, кечке чейин барып калам» деп коем. Ошол күнү кылмышкерди кармап, сүйүнүп үйгө келсем, кошуналарым да сүйүнүп жүрүшүптүр. Менин алдымдан чыгып, «сүйүнчү эгиз кыздуу болдуң» деп сүйүнчүлөштү. Ушул окуя эсимден кетпейт», - деди ал.

Милиционер 1990-жылы Сары-Булак айылындагы орто мектепти бүткөн соң, 2000-жылы Кара-Балта шаарынын №102 кесиптик лицейине кабыл алынып, аны ийгиликтүү аяктаган.

«2002-жылы аскерге кабыл алындым. 2004-жылы жаз мезгилинде турмуш шартка байланыштуу Бишкек шаарындагы циркке жумушка орношуп калдым. Ал жактан ат үстүндө акробатика көрсөтчүмүн. Циркте иштеп жүргөндө милиция кызматкерлери менен таанышып, алардын ишине суктанып, бул кесипке кызыга баштадым. Ошентип жаңы кесиптин ээси болуу үчүн бардык аракетимди жумшай баштадым. Цирктен биротоло кетип, 2005-жылы Ысык-Ата районундагы ички иштер бөлүмүнө катардагы милиция кызматкери болуп ишке орноштум. Арадан 8 ай өткөн соң Жайыл районунун ички иштер бөлүмүнүн убактылуу кармоочу жайына күзөтчү болуп орношуп калдым.

Ошентип тажрыйбамды жана билимимди жогорулатуу максатында 2006-жылы генерал-майор Шабиров атындагы атайын милиция мектебине барып, аны 2009-жылы бүткөм. Андан кийин 2010-жылдан 2018-жылга чейин ошол эле Жайыл ички иштер бөлүмүнүн аймактык тескөөчүсү болуп иштедим. 2018-жылы Жайыл районунун ички иштер бөлүмүндө убактылуу кармоочу жайдын ага тескөөчүсү болуп дайындалып, азыркыга чейин иштеп келе жатам», - деди ал.

Каарманыбыз циркте жалпы 1,5 жыл иштеген.

«Кол алдымда 11 кызматкер иштейт. Алардын баарына күнүгө тапшырма берип, иш-чараларды уюштурам. Жумуш тууралуу айта кетсем, чынында биздин кесип өтө оор. Себеби, ар түрдүү кишилер камалат. Алар өзүн-өзү таштап койбосун деп, жакшы нерселерди айтып, дем бересиң жана Жайыл районунун соту менен абдан тыгыз байланышта иш алып барабыз. Бир күндүк ишибизди айтсам, эртең менен саат 8:00дө бөлүмгө балдарды чогултуп, тапшырма берем. Андан соң, Бишкек шаарындагы №1 убактылуу кармоочу жайга кетем. Ал жактан Жайыл районунун сотунун талабы менен соттолуучуларды алып келебиз.

Жетишкен ийгиликтерим көп. Жаңы жумушка киргенде жетекчилерди көрүп, мен дагы ушулардай офицер болсом деп кыялданчумун. Ошол кыялыма жетип, офицер болуп, балдарга туура жол көрсөтүп келем. Кызматым өзүмө жагат.

Өзүм мектеп курактан эле күрөшкө катышчумун. Бир топ мелдештерге катышкам. Милицияда иштеп жүргөндө деле спортту таштаган жокмун. Бизде иштеген балдарды 7 жыл машыктырып келдим.

Келечекте максаттарым абдан көп. Элге ак кызмат кылып, жаш муунга туура тарбия берсем дейм. Өзүмдүн балдарым билимдүү болсо, аларга окууга шарт түзүп берсем деген максатым бар», - деди ал.

Мирзат Исаев 1983-жылы 24-августта Жайыл районуна караштуу Сары-Булак айылында төрөлгөн.

«Атам Жолдош Исаев 1961-жылы Жайыл районуна караштуу Сары-Булак айылында туулган. 2008-жылы кайтыш болгон. Апам Дамира Адамкулова 1961-жылы Жайыл районуна караштуу Сары-Булак айылында төрөлгөн. Азыркы учурда айылда жашайт. Үй-бүлөдө беш бир тууган болчубуз. Бирок, улуу агам бала кезинде каза болуп калган. Эки карындашым, турмушка чыккан. Иним Сары-Булак айылында апам менен биргеликте жашайт. Өзүм 2006-жылы Насыйкат Абдрахманов аттуу кызга үйлөнүп, Эржан, Жанель, Жазель, Аяна аттуу уул-кыздуу болдук», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×