Бөлүмдөр
Бейшемби, 12-декабрь
Ош облусуНоокат району 24.05.2019 12:52

Кыргыз-Атанын борбордук китепканасы өлкөдөгү эң мыкты китепкана аталып, 100 миң сом менен сыйланды (сүрөт)

Turmush -  Ноокат районунун Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнүн борбордук китепканасы өлкөдөгү «Эң мыкты китепкана» деп аталып, 100 миң сом сыйлыкка ээ болду. Бул тууралуу Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнүн башчысы Бакытбек Марипов билдирди.

2019-жыл — «Аймактарды өнүктүрүү жана санариптештирүү» жылына карата уюштурулган «Санариптештирүү доорундагы Кыргызстандагы китепканалардын өнүгүү стратегиясы» аталышындагы китепканачылардын XI форумунун алкагында өлкөдөгү мыкты китепканалар аныкталган. Анын жыйынтыгында Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнүн борбордук китепканасы өлкө аймагындагы «Эң мыкты китепкана» деп табылып, 18-май күнү Маданият, маалымат жана туризм министи Азамат Жаманкулов айыл өкмөт башчысы Б.Мариповго 100 миң сом акчалай сыйлык жана диплом тапшырды.

Ошондой эле бүткүл дүйнөлүк китеп күнүнө карата Кыргыз-Ата айыл өкмөтүндө облустук деңгээлдеги «Китеп окуу» иш-чарасы уюштурулган. Ага мектеп окуучулары, мугалимдер жана китеп сүйүүчүлөр катышты. Андан тышкары АКШдан келген коноктор баалуу белектерди жана китептерди тапшырышкан.

Кыргыз-Ата айыл өкмөтүндө жалпысынан 10 китепкана бар. Алардын ичинен борбордук китепканада 10 миңден ашуун китеп сакталган. Айыл өкмөттөгү 10 китепкана интернетке туташтырылып, компьютер, ноутбук жана принтерлер менен камсыздалган жана электрондук китепканалар ачылган.

«Китеп окуу маданияты жашообуздун ажырагыс бир бөлүгү болушу керек. Китеп – билим булагы. Ал жаңы идеяларга, руханий баалуулуктарга эшик ачат, бизди курчап турган кооздукту көрүүгө жана түшүнүүгө, ошондой эле адамзаттын жетишкендиктери жөнүндө маалымат алууга мүмкүнчүлүк берет», - дейт айыл өкмөт башчы Бакытбек Марипов.

2018-жылы Кыргыз-Ата айыл өкмөтү Ош облусундагы «Эң мыкты айыл өкмөт» деп табылган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×