Бөлүмдөр
Жекшемби, 16-июнь
Чүй облусуПанфилов району 24.05.2019 10:19

Айыл турмушу: Жаш баланы тоногондорду тапкан Бакытбек мектепте милиционер болууну эңсеген

Турдумбек уулу Бакытбек
Турдумбек уулу Бакытбек
// Turmush

Turmush -  Окуучулук күндөрүндө «Келечекте ким болосуң?» деген темада жазган эсседе ички иштер кызматын максат туткан Турдумбек уулу Бакытбек учурда милициянын капитаны, Чүй облусунун Панфилов РИИБдин аймактык тескөөчүсү, Тельман айылынын 36 жаштагы тургуну. Анын жашоосу, элет элиндеги милиция кызматынын түйшүгү жана аброю менен аймактык кабарчы таанышты.

«Элет жеринде төрөлүп, ал аймактагы жашоочулардын турмуш шартын, салтын, үрп-адатын, жашоо образын, психологиясын жакшы билгеним өз кызматымда оң таасирин тийгизип келет. Сыртынан караганда айыл ичи жөнөкөй көрүнгөнү менен жердеш акыныбыз А.Осмонов айткандай «...кээде толкун, кээде тыптынч». Баары өз тиричилиги менен эле алек болгондой... Бирок, анда да толгон-токой көйгөйлөр, кылмыш дүйнөсүнө аралашкан айрым атуулдар жашап келишет. Аны айыл жашоочулары билген менен кылмышты жараткан турмуштук көйгөйлөрүн, турмуштагы зарылчылык менен кокустуктун ажырымын таанып биле беришпейт. Мындай изилдөөнү жүргүзүүнү дайыма колго алып келем. Себеби, апам Гүлмира кесиби боюнча орус тили жана орус адабияты сабагы боюнча мугалим. Кезинде мектеп директору болуп да иштеген. Бизди эл менен иштөөдө жөнөкөйлүүлүккө, ар бир адам өзүнчө тагдырга ээ экендигине жана ички дүйнөсүн билүүдө өтө астейдил адамгерчилик менен мамиле түзүү керектигине тарбиялаган.

Жакында бир кылмыш ишин ачып, өз иш тажрыйбамдын деңгээлин аныктадым. Көрсө, жылдан-жылга адам баласы такшалуу жолунда жүрөт тура. Чалдыбар айыл өкмөтүнө караштуу Биринчи май айылына туугандарына келген 15 жаштагы баланы белгисиз адамдар уруп-токмоктоп, уюлдук телефонун алып кеткендиги жөнүндө маалымат РИИБге түшөт. Ыкчам аракеттердин аракетинде тез арада кылмыш ишин аныктагам. Анда сөз башынан болсун.

15 жаштагы Мурат (аты өзгөртүлдү) Биринчи май айылына туугандарына ата-энесинин жөнөтүүсү боюнча келет. Туугандарына жолуккан соң үйүнө кетүүгө жолго чыгат. Айыл жергесинде автоунаа сейрек болгондуктан аялдамада көпкө турат. Ошентип, кеч кирип айлана караңгылаша баштайт. Бир оокумда топтолгон белгисиз адамдар келишет да, күнөөсүз эле баланы ур-токмокко алышып, уюлдук телефонун тартып алып кетишет. Эртеси апасы РИИБге арыз менен кайрылат. Биз 3-4 күн ошол аймакка келген бейтааныш-тааныш адамдарды, автоунааларды тактадык. Окуя болгон күнү келген ондой унааны шектүү катары изилдедик. Жыйынтыгында алардын бирөөсү кылмышка тиешелүү экендигин билдик.

Жашы жыйырмаларга жакындап калган жигиттер жеңил автоунаа менен кечки саат 20:00 чамасында жолго чыгышат. Аялдамада жалгыз адамдын турганын көрүшөт да жеңил автоунааны жол четине жашырып, баланы уруп, уюлдук телефонун алып, бала жыгылып калган соң автоунаасын айдап качышкан.

Кылмыш ишинин бети ачылып, кылмышкерлер өз күнөөсүн толук мойнуна алышкан», - деди аймактык тескөөчү.

Милициянын капитаны Турдумбек уулу Бакытбек өз ишинде бирге иштеген кесиптештери милициянын полковниги, РИИБдин жетекчиси Ж.Абитовдун, орун басарлары Б.Ниязалиевдин, Ж.Абиевдин жана милициянын майору, коомдук коопсуздук кызматынын башчысы И.Абрамзаевдин көрсөтмөлөрүн, тажрыйбаларын пайдаланып жүргөнүн айтат. Ошондой эле окуучулук күндөрүндө милицияга кызыкканын баяндайт.

«Мектепте окуп жүргөндө келечек жөнүндө ой чаптырчубуз. Анан "Келечекте ким болосуң?" деген эссе жазганыбызда, милиция кызматкери болуу жөнүндө оюмду билдиргем. Ошол тилегим орундалып иштеп келем. Орто мектепти бүткөндөн кийин Н.Исанов атындагы Кыргыз мамлекеттик курулуш, транспорт жана архитектура университетин бүтүрдүм. Андан соң Ж.Шабиров атындагы милициянын орто окуу жайын да аяктадым. Бир топ жыл Жайыл, Бишкектеги Октябрь райондорунда күзөт кызматында эмгектендим. Учурда Панфилов РИИБде аймактык тескөөчүмүн», - деди милициянын капитаны.

Ал үй-бүлөлүү. 3 баланын атасы. Келинчеги Наргиза Кыргыз темир жолунда эмгектенет.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×