Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 17-июнь
Талас облусуКара-Буура району 24.05.2019 10:27 На русском

Аялы төрөгөнүн көрүп, апасын кучактап алып ыйлаган жигит: Акушер Н.Изабекованын окуялары

Turmush -  Кара-Буура районуна караштуу Аманбаев айылынын 52 жаштагы тургуну Насым Изабекова 32 жылдан бери айылдык төрөтканада иштеп келе жатат. Аймактык кабарчы акушер айым менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, Кара-Буура районуна караштуу Арчагул айылында төрөлгөн.

«Мен үйдүн эң кичүүсүмүн. Ата-энем «үйгө жакыныраак бол, дарыгер болууга жакынсың» деп Таласта окутушкан. Чындыгында өзүм да ак халат кием деп кыялдана берчүмүн. 1984-жылы мектепти бүтүп, Таластагы медициналык окуу жайга барып, акушер бөлүмүн аяктагам. 1977-жылдан бери Аманбаев айылдык ооруканасында акушер болуп иштеп келе жатам. Иш күнүмдө кыйынчылыктар айыл болгондуктан болуп турат. Бирок кыйынчылыкка, маяна аздыгына карабастан иштеп келем. Анткени бул менин сүйүктүү кесибим. Түндөп чакыруулар болуп калат. Барбай коё албайм. Тойго барбасаң барба, төрөтканага чакырганда жөө болсо дагы барып калам. Элимдин кызматындамын. 32 жылдын аралыгында ишимде ар кандай учурлар болду», - деди ал.

Каарманыбыз буга катар эле башынан өткөн кызыктуу учурларды эскерди.

«Бир жолу бир келиндин күйөөсү кирип, башы айланып, «эже, мен жаман болуп жатам» деп купкуу болуп кулаганы калган. «Биз келинди карайбызбы же сени карайбызбы?» деп урушуп, кыздар эшикке чыгарып коюшту. Көп өтпөй апасы келип бизге аябай күлгөн. Көрсө ал жигит апасына, «экинчи төрөбөй эле койсунчу, мен аябай жаман болдум» деп айтып барыптыр. Апасы «мен силердин бардыгыңарды ошентип төрөгөм» десем, балам мени кучактап алып ыйлады» деп күлдүрүп кеткен.

Азыр жаштар төрөткө катышып турушат. Бирок төрөткө катышуудан мурун психологиялык жактан даярдануу керек. Энелер мектебинде консультациялар берилип, окутуулар жүргүзүлүп турат. Бизде физиологиялык төрөт деп коёт. Ошону кабыл алабыз, операция жасабайбыз. Ар кандай жагдай болуп калат. Бизге төрөт маалы болгондо келип калышат. Мурда операция менен төрөсө, кийинки төрөттөрү дарыгердин көзөмөлүндө болуп, райондон же облустук ооруканадан төрөшү керек.

Бир күнү кайын энеси келинин алып келип, таштап кетип калыптыр. Алгачкы текшерүүнү баштайын деп мурда операция болгон такты көрүп калдым. Ал келин 2 жылдан кийин эле төрөйүн деп жаткан экен. Негизи мурда операция болсо эң аз дегенде 2,5-3 жыл төрөгөнгө болбойт. Кышкы убак, такси аз болчу. Түндө өз жанымдан акчамды чыгарып, айылдан унаа чакыртып, келинди районго алып баргам. Ал убакта телефон деген дагы жок болчу. Барсам, райондук дарыгер «эмнеге мындай келинди кабыл аласыңар?» деп урушкан. Ага келинди кайын энеси таштап кетип калганын айтып түшүндүргөнбүз. Аны аман-эсен төрөтүп, эртеси үйүндөгүлөрдү чакыртканбыз.

1998-жылы кыш айында төрөтканага бир келин шашылыш келип, баласын аман-эсен төрөтүп алдым. Ичин карасам дагы деле бала бардай. Келгенде баланын жүрөгүнүн согушун угууга жетишкен дагы жокпуз. «УЗИден эгиз деп көрсөттү беле?» десем ал жок деп койду. «Дагы бирөө бар экен, эгиз экен» десек келин таң калды. Анан эле «мага бирөө эле керек, экөөнү кантип багам?» деп үңүлдөп ыйлап кирген. Бир четинен күлсөк, бир четинен анын акыбалын дагы түшүнүп жаттым. Абысыны болсо бир эле балага кийим алып келгенбиз деп, кайра экинчисине кийим алып келген (күлүп)», - деди ал.

Акушер айым 3 кыз, 1 уулдун апасы. Эмгек жолунда бир катар сыйлыктар менен сыйланган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×