Бөлүмдөр
Шаршемби, 19-июнь
Нарын облусуАт-Башы району 23.05.2019 16:28 На русском

Айыл турмушу: Электрик Ырыс Мөндүрбаева уй сааган аялдын күйөөсү эмне кылганын көрүп калып...

Turmush -  Ат-Башы районунун Ат-Башы айылынын 44 жаштагы тургуну Ырыс Мөндүрбаева 14 жылдан бери Ат-Башы райондук электр тармактар ишканасында инспектор болуп иштейт. Кийинки жылы пенсияга чыгуу алдында турат. Аны менен аймактык кабарчы таанышты.

Ырыс Мөндүрбаева 1975-жылы Ат-Башы районунун Калинин айылында туулган. 2005-жылдан бери Ат-Башы электр тармактар ишканасында нускоочу (контролер-инспектор) болуп иштеп келет. 2012-жылы Нарын мамлекеттик университетинин энергетика факультетин сырттан окуп бүтүргөн. Үй-бүлөлүү, 3 уулу, 2 кызы, 2 небереси бар.

«2011-2012-жылдары Ат-Башы райондук аскер комиссариатынын экинчи бөлүмүндө балдарды аскерге чакыруу боюнча инспектор болуп иштегем. Ат-Башы райондук электр тармактар ишканасына көнүп алыптырмын, кайра мурунку жумушума келдим. Электр энергиясын дүкөнчү сыяктуу эле сатабыз. Анын акчасын чогултабыз. Элге берилген энергияны көзөмөлдөйбүз. Азыр менде 1027 абонентим бар, Ат-Башынын борборун карайм. Бир абонентке бир айда 2 жолу барабыз, биринчисинде көрсөткүчүн карап, экинчисинде чыккан суммасын таратып барабыз. Кээде акча төлөбөгөн тургундарга кайра-кайра эле бара беребиз. Бир күндө 150гө чейин үй кыдырам», - деди ал.

Ырыс Мөндүрбаева азыркы учурда «ууру ток» пайдалангандар жокко эсе экенин айтат.

«Айдын аягында эсепти берсек, кардарлар 10 күндүн ичинде төлөшү керек. Айдын онунан кийин электр жарыгын өчүрүүгө укугубуз бар. Кээ бирлердин шартына карайбыз. Айрымдары акчасы турса деле атайын төлөшпөйт. Ар кандай абоненттер бар. Кээ бири жакшы көрсө, кээ бири бутуңдан башыңа чейин карап, жаман көрүп урушкусу келет. Бирок азыр эч кандай көйгөй жок, баары эле жакшы. Илгери «ууру ток» пайдалангандар көп болчу. Мурда Казыбек айылына жаңы иштеп барганда ар бир экинчи үй «ууру ток» колдончу. Актыны аябай көп жазгам. Аягында акты жазгандан тажап калгам. Ат-Башынын Кара-Булуң, Кызыл-Туу, Ак-Муз айылдарында гана иштеген жокмун.

«Ууру ток» колдонгондор дароо эле билинет. Көрсөткүчүн караганда аз гана кВт жазылып турат. А, үйдүн ичинде күчтүү техникалык жабдыктар сайылып турат. Азыр «ууру ток» жокко эсе.

Өткөн жылы Баш-Кайыңдыда иштеп жүргөндө бир дүкөндү барып текшердим. Эки эсептегичи бар экен. Карасам ичине зымдарды туташтырып, аз эсептегендей кылып алыптыр. Ээсине айып пул салдым. Кийин кайра эле шекшип, ошол дүкөндү текшердим. Баары өзүнүн нормасында турат, бирок эсептегичтин ичине зымдарды туташтырып коюшуптур. Дагы айып пул салдым.

Кээ бир үйгө кире калганда күйөөсү менен аялы экөө урушуп жаткан болушат. Кирип алып ыңгайсыз болосуң. Мурдагы жылы Кара-Суу айылында кетип бара жатсам бир абонентим уй саап жатыптыр. Күйөөсү мас экен, картайып эле калыптыр. Аялын башка чапкылап жатыптыр. Мен «байке, аялыңызды урганыңыз уят эмеспи» десем, аялы мени көрө коюп ого бетер ыйлап жиберди. Ушундай окуялар болот. Кесибимди аябай жакшы көрөм, себеби эл менен бирге болобуз», - деди Ырыс Мөндүрбаева.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×