Бөлүмдөр
Бейшемби, 20-июнь
Ош облусуКара-Суу району 23.05.2019 15:02 На русском

«Аялың менен жашатпайм»: Үй-бүлөлүү жигит менен мамиле курган 15 жаштагы кыздын чыры

Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Turmush -  Кара-Суу райондук соту ээнбаштык фактысы боюнча айыпталып жаткан Бахтиярга (аты өзгөртүлдү, И.Б.) карата козголгон кылмыш иши боюнча чечим чыгарды. Бул тууралуу соттун токтомунда айтылат.

Айыпталуучу Бахтияр Кара-Суу районунун Кызыл-Кыштак айылынын 1995-жылы туулган тургуну. Мурда соттолгон эмес. Үй-бүлөлүү, 2 баланын атасы.

Ал ушул жылдын 7-февралында болжол менен саат 15:00 чамасында өзү иштеген Төлөйкөн айылындагы кафелердин биринде Ош шаарынын 2004-жылы туулган тургуну Динара (аты өзгөртүлдү, С.Д.) менен кайым айтыша кетип, анын көкүрөгүнүн сол тарабына бычак сайган. Ошол учурда Бахтияр пияз туурап жаткан бычагын колунда кармап жүргөн. Ош облустук ооруканасынын корутундусуна ылайык, 15 жаштагы Динара денесинен жеңил жаракат алган.

Соттук отурумда Бахтияр күнөөсүн мойнуна жарым-жартылай алган. Анын айтымында, ал кафеде шишкебек бышырып иштечү. Жабырлануучу Динара менен окуядан 1 жума мурун таанышып, телефон аркылуу сүйлөшүп жүрчү. Жумушунда пияз туурап жатканда Динара барып, ага «эмнеге чалсам албайсың? Эмне үчүн номурумду кара тизмеге киргизип койдуң?» деген. Ага жакын барып: «Сени аялың менен жашатпайм» дегенде Бахтияр өзүнөн алыстатууга аракет кылган. Ошол учурда колундагы бычагы менен Динаранын көкүрөк тушуна сайып алган. Бирок ал Динаранын сырткы кийиминен көкүрөгүнүн канаганын көргөн эмес. Динара дароо таксиге отуруп кетип калган. Бир аз убакыт өткөндөн кийин Бахтияр Динарага телефон чалып, анын денесине бычак тийгенин билген. Бахтияр соттук отурумда Динарага атайын бычак сайбаганын, окуя кокустуктан болгонун билдирди. Ал жабырлануучу тарап менен элдешип, өз ара келишим түзүшкөндүгүн айтып, соттон кылмыш ишти өндүрүштөн кыскартууну өтүнгөн.

Соттук отурумга 15 жаштагы Динара өзүнүн мыйзамдуу өкүлү менен катышкан. Анын айтымында, ал Бахтияр менен 2 жума мурун таанышып, сүйлөшүп жүрүшкөн. Ошол күнү ал өзүнүн туулган күнү тууралуу сүйлөшүү үчүн Бахтиярга чалган, бирок байланыша албай койгон (Динаранын туулган күнү 8-февраль болсо, окуя 7-февралда катталган). Андан кийин ал Бахтиярдын иштеген жерине барган жана шишкебек буюртма кылган. Ошол учурда Бахтияр бычак менен пияз туурап жаткан. Ал Бахтияр менен кайым айтыша кетип, Бахтияр аны өзүнөн алыстатууга аракет кылып, колун жаңсаганда бычак көкүрөгүнө тийген. Бирок ал Бахтиярга бычак тийгенин айтпай кетип калган жана Ош шаардык ооруканасына «жыгылып түштүм» деп кайрылган. Дарыгерлер жардам көрсөткөндөн кийин Бахтияр телефон чалган. Ошондо гана ага бычак тийгенин айткан. Динара дагы соттон кылмыш ишин өндүрүштөн кыскартып берүүнү суранган. Себеби ал айыпталуучу менен жарашып, ага доосу жок экенин билдирген.

Соттук отурумга Динаранын мыйзамдуу өкүлү катары анын апасы катышты. Динаранын апасынын айтымында, кызы ошол күнү шишкебек алып келем деп үйүнөн чыгып кеткен. Кызына телефон чалганда ал «бирөө бычак сайды» деп айткан. Ал кызын ооруканага алып барып, дарыгерлерге көрсөтүп, кайра үйүнө алып кеткен. Кызынан окуя тууралуу сураганда Бахтияр бычак сайганын айтып берген.

Окуяга күбө болгон С.Ш.нын айтымында, ошол күнү түштөн кийин Динара кафеге барып, 2 шишкебек буюртма кылган. Шишкебек бышыруучу жай кафенин сыртында, көчө жакта жайгашкан. Динара Бахтиярга барып, «туулган күнүм жөнүндө сүйлөшөйүн десем, телефонуңду өчүрүп коюптурсуң» деп кайым айтыша кеткен. Бирок катуу урушушкан эмес. Бахтияр Динарага «ары туруп турчу» деп колун жаңсагандан кийин, Динара таксиге отуруп, буюртма кылган шишкебегин албай кетип калган.

Жыйынтыгында Кара-Суу райондук соту эки тараптын бири-бирине доосу жок экенине байланыштуу Бахтиярга карата козголгон кылмыш ишин өндүрүштөн кыскартып, айыпталуучуну жоопкерчиликтен бошоткон. Ошондой эле атайын жүргүзүлгөн экспертизанын жыйынтыгында Бахтиярдын колундагы бычак атылбас курал экени аныкталган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×