Бөлүмдөр
Шейшемби, 25-июнь
Ош облусу, Ош 23.05.2019 10:56

ОГПИнин 94 жылдыгы белгиленип, окутуучулар жана студенттер сыйланды (сүрөт)

Turmush -  Ош гуманитардык-педагогикалык университетинде бир жылдык иштердин жыйынтыгы чыгарылып, жылдын мыктылары сыйланды.

18-май — ОГПИнин түзүлгөн күнүнө карата окуу жайда майрамдык салтанат уюштурулуп, 2018-2019 окуу жылында окууда, спортто жана маданият жаатында ийгилик жараткан студенттерди жана окутуучуларды сыйлоо аземи өттү. Салтанатты ОГПИнин ректору Бекмурза Зулуев ачып, эмгек жамаатын жана студенттерди куттуктап, профессордук-окутуучулук жамаатка, ошондой эле окуу жайды ар тараптан коомчулукка таанытып келген активдүү студенттерге жетекчиликтин атынан ыраазычылык билдирди.

Андан тышкары Б.Зулуев 2018-2019 окуу жылында илимий даражага ээ болгон окумуштууларга, эл аралык жана республикалык конференциялардын катышуучуларына, мыкты иш алып барган декандарга, бөлүм башчыларга жана институттун өнүгүүсүнө салым кошкон студенттерге акчалай сыйлык жана ардак грамоталарды тапшырды.

Ректордун айтымында, быйыл ОГПИ бир топ жетишкендиктери менен өзгөчөлөндү. Билим берүүдө студенттер үчүн ыңгайлуу шарттар түзүлүп, окуу жайдын материалдык-техникалык базасы чыңдалды. Түркия, Япония, Россия өлкөлөрүнүн жогорку окуу жайлары менен келишимдер түзүлүп, окутуучулар тажрыйба алмашып, студенттердин чет өлкөдө билим алуусуна мүмкүнчүлүктөр түзүлдү.

Кызматкерлердин жумуш учурунда пайда болгон маселелери жетекчилик тарабынан жеринен чечилип келет. Ошондой эле студенттердин окууга болгон кызыгуусун арттыруу үчүн ар кандай саамалыктар жогорку деңгээлде уюштурулду.

Майрамдык салтанат концерттик программа менен коштолду.

18-май — ОГПИнин күнү катары жыл сайын расмий түрдө белгиленип келет.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×