Бөлүмдөр
Шаршемби, 26-июнь
Ысык-Көл облусу, Балыкчы 22.05.2019 23:50 На русском

УЗИ дарыгери Бегимайга боюнан түшүрө турган Кытайдын дарысын саткан. Ал айып пул менен кутулат

Бегимай колдонгон Кытайдын дарысы
Бегимай колдонгон Кытайдын дарысы

Turmush -  Балыкчы шаарында УЗИ дарыгери кош бойлуу Бегимай Мамбеталиеваны текшергенден кийин анын боюнан түшүрө турган Кытайдын дарысын жазып берген. 24 жаштагы Бегимай Turmush басылмасына туура эмес диагноз коюп, Кытайдан чыгарылган дарыны сунуштаган дарыгерге чара көрүү өтүнүчү менен ИИМдин Тергөө кызматынын башчысына арыз менен кайрыла турганын билдирди.

«Жолдошум экөөбүз эки шаарда — кышында Бишкекте, жайында Балыкчыда жашайбыз. Нооруз майрамын кошуналарыбыз менен белгилейли деп Балыкчыга келгенбиз. Жолдошум Балыкчынын тургуну болгондуктан ошол жактан каттоого турайын деп чечкем. 22-март күнү ооруканага барганда нөөмөттө турган медайым мени УЗИ аппаратына жөнөткөн. Экинчи кабатта дарыгер Г.С. кабыл алган УЗИ-бөлмөсү бар болчу. Текшерүүдөн кийин ал мага «эмбриону жок түйүлдүктүү жумуртка», «кош бойлуулуктун төртүнчү жумасында түйүлдүктүн өспөй калуусу» деген диагноз койгон. Ал мага сыртында кытай жазуусу бар дары жазып берген. Мен дарыгерге ал үчүн 2000 сом төлөгөм. Ошол жерден кутудагы 2 сары түстөгү дарыны ичкем. Дарыгердин айтымында, ал дары жатындагы өспөй калган түйүлдүктү 24 сааттын ичинде чыгармак», - деди Бегимай.

Анын айтымында, дарыгер ага ооруканадан аборт кылбай эле коюу керектигин айткан. Биринчи жолу кош бойлуу болгондуктан жана медициналык аспаптар менен тазалоо жүргүзүлгөндүктөн ал кайра кош бойлуу боло албай калышы мүмкүн экенин билдирген. Эртеси, 23-март күнү Бегимай Бишкек шаарына барып, 2 менчик медициналык борбордон текшерүүдөн өткөн. Ал жактан ага «кош бойлуулуктун 7-жумасы» деген диагноз коюшуп, баары жайында экенин айтышкан.

Бегимайдын айтымында, УЗИ дарыгери материалдык пайда көрүү үчүн ага атайын туура эмес диагноз койгон. Ал аталган дарыгерден жабыркагандардан жалгыз эмес экенин да белгиледи. Социалдык тармак аркылуу байланышкан келин Бегимайга ушул эле дарыгер ага дагы «түйүлдүктүн өспөй калуусу» деген диагноз коюп, Кытайдын дарысын жазып бергенин билдирген.

«Ал кыз андан кийин башка жерден УЗИ аппаратынан текшерилгенде, ал жерден жакшы экенин айтышкан. Мындай адамдар медицина тармагында иштебеш керек», - деди Бегимай.

ИИМдин басма сөз кызматы Turmush басылмасына жаңы кодекс боюнча 1995-жылы төрөлгөн М.Б.га УЗИден туура эмес тыянак чыгарып берген дарыгерге карата катуу чара көрүлбөй турганын билдиришти. Учурда прокуратура жабырлануучунун арызынын негизинде ишти карап жатат.

«Боюнан түшүрүүчү дарыларды мыйзамсыз сатуу фактысы боюнча дарыгерге 4 миң сом айып пул салынат», - деп айтылат маалыматта.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×