Бөлүмдөр
Жума, 21-июнь
Баткен облусуБаткен району 22.05.2019 20:49

Кыргыз-тажик чек арасында ок атылган учур. Видео

Turmush -  Баткен районунун Кара-Бак айылындагы кыргыз-тажик чек арасында эскертүү катары асманга ок атылганы маалымдалган.

Ок атылган учур:

Учурда чек арада абал көзөмөлдөнүп жатканын Мамлекеттик чек ара кызматы билдирди.

Бүгүн, 22-майда Кара-Бак айылынын Эски-Мазар аймагындагы көрүстөнгө кечээ сөөгү коюлган баткендик адамдын тууган-уруктары куран окуп эскерүүгө келишкен. Ошол учурда Тажикстандын чек арачылары келип, кайым айтышуу чыккан. Кыргызстандын жарандары болсо Тажикстандын чек арачыларынан ал жерден кетүүнү талап кылышкан.

Чыр-чатакты жөнгө салуу үчүн эки өлкөнүн чек арачылардын өкүлдөрүнүн жолугушуусу болуп өттү. Жолугушуу учурунда Кыргызстандын жарандары өз алдынча тажик чек арачылары жүргөн багытка аң каза башташкан. Өз учурунда тажик чек арачылары асманга эскертүү катары 1 ок атышты. Азыркы учурда Кыргызстан жана Тажикстандын чек ара өкүлдөрүнүн жолугушуусу уланууда. Ошону менен бирге жергиликтүү жашоочуларга чек арачылар тарабынан түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө. Алар болсо өз учурунда ал жерге бийлик өкүлдөрүнүн келишин талап кылышты. Кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасында абал салыштырмалуу туруктуу. Кыргыз чек арачылары кырдаалды көзөмөлдөп турушат.

Эски-Мазар аймагындагы көрүстөн шарттуу түрдөгү мамлекеттик чек арадан 150 метр алыста, Тажикстандын аймагында жайгашкан.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×