Бөлүмдөр
Шаршемби, 19-июнь
Ош облусу, Ош 22.05.2019 19:06 На русском

Прокурор А.Мамажакыповдун өлүмү: Судья менен шектүү кайым айтышты. Видео

Соттук отурум учурунда
Соттук отурум учурунда

Turmush -  Бүгүн, 22-майда Ош шаардык сотунда Баткен облусунун прокурору — маркум Анарбай Мамажакыповдун өлүмү боюнча козголгон кылмыш иши каралды, деп билдирди аймактык кабарчы.

Соттук отурумдун алдында маркум А.Мамажакыповдун жана анын өлүмүнө шектелип, айыпталып жаткан Мелис Калыковдун жакындары жана туугандары бири-бири менен кайым айтышып кетишкен. Андан кийин А.Мамажакыповдун жакындары айыпталуучунун туугандарын сот залынан чыгарууну талап кылышкан. Анын кесепетинен эки тарап бири-бирине кол көтөргөнгө чейин барышкан.

Жыйынтыгында айыпталуучу М.Калыковдун жакындары сот залынан чыгарылып, 3 жакыны гана отурумга катышты. Ошондой эле шектүү М.Калыковдун жактоочулары коюлуп жаткан айып менен толук таанышып чыга албай калышканын айтышып, судьядан убакыт берүүнү өтүнүшкөн. Бирок мамлекеттик айыптоочулар жана жабырлануучу тараптын жактоочусу алардын өтүнүчүн канааттандыруусуз калтырууну суранышкан. Судья иш менен таанышууга буга чейин атайын убакыт берилгенин айтып, шектүүнүн жактоочуларынын өтүнүчүн четке какты. Мамлекеттик айыптоочу мындай аракет менен шектүүнүн жактоочулары ишти созууга аракет кылып жатышканын билдирди.

«Ушунча күндөн бери таанышып чыкса болмок. Буга чейин дагы тергөө иштерине ар кандай тоскоолдуктарды жаратып келишкен», - деди прокурор.

Андан кийин Ош шаардык сотунун судьясы Жолборс Кудаяров отурумду улантып жатканда айыпталуучу М.Калыковдун жактоочулары отурумга катышпай, сот залынан чыгып кетүүгө аракет кылышкан. Бирок судья алардын мындай аракети мыйзамсыз экенин эскертип, ишти кароону андан ары улантты.

Судья шектүү Мелис Калыковго «күнөөңүздү мойнуңузга аласызбы?» деп суроо узатканда, М.Калыков судьяга ишенбөөчүлүк көрсөтүп жатканын билдирди.

«Мен өзүмө коюлган айыптар менен таанышып чыкпасам, кантип жооп берем? Сиз иш менен таанышып чыгууга тоскоолдук кылып жатасыз. Сизге башкы прокуратура кылмыш ишин козгоптур, анан кантип иштеп жатасыз?», - деди шектүү М.Калыков.

Судья Жолборс Кудаяров: «Мен сизге кагаздар менен таанышып чыгууга 7-майдан бери убакыт бердим. Сизге эч ким тоскоолдук кылган жок. Судья сизге ишти алып барып, тааныштырууга милдеттүү эмес», - деп шектүүгө жооп берди.

Айыпталуучу М.Калыковдун жактоочулары дагы судьяга ишенбөөчүлүк көрсөтүштү. Бирок мамлекеттик айыптоочулар менен жабырлануучу тарап алардын пикирине каршы чыгышты. Судья дагы кеңешме бөлмөгө барып келгенден кийин «ишенбөөчүлүк көрсөтүү негизсиз» деп таап, отурумду улантты.

Андан соң күбөлөр сурала баштады. Жабырлануучу тараптан маркум прокурордун агасы Мамашарип Мамажакыпов жана жубайы Айнура Сатаева суралса, шектүү тараптан М.Калыковдун жубайы Гүлбарчын Амирова жана апасы Гүлбара Адрашитова көрсөтмө беришти.

Күбөлөр отурумга толук келбей калгандыгына байланыштуу процесс 7-июнга жылдырылды. Судья тиешелүү тараптарды кийинки отурумга күбөлөрдү толук алып келүүгө милдеттендирди.

Окуя тууралуу:

2018-жылы 17-ноябрь күнү саат 22:10 чамасында Баткен шаарынын Турдумаматов көчөсүнөн «Лексус 470» үлгүсүндөгү унаа табылган. Аны кароо учурунда унаанын капталдарынан кандын тактары табылган.

Баткен ОИИБдин кызматкерлери түнү бою иликтөө иштерин жүргүзүшүп, анын натыйжасында Баткен шаарынын Кызыл-Жол кварталынын батыш тарабындагы участкадан Баткен облусунун прокурору Анарбай Мамажакыповдун киши колдуу болгон сөөгүн табышкан. Бул жагдай боюнча Кылмыш-жаза кодексинин (эски кодекс) 97-беренеси (адам өлтүрүү) менен кылмыш иши козголгон.

Кылмышка шектүү катары Баткен облустук капиталдык курулуш башкармалыгынын башчысы М.Калыков кармалган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Тема боюнча:

19.04.2019Баткендеги прокурордун өлүмү: Экспертизанын жыйынтыктарында күмөндүү жагдайлар бар, - шектүүнүн жактоочулары
07.05.2019Баткендеги прокурордун өлүмү: Маркум менен шектүүнүн жакындары кайым айтышты. Видео
07.05.2019Чыр менен башталган сот: Баткендин прокурорунун өлүмү боюнча биринчи отурумдун күнү белгилүү болду (видео)
21.05.2019Баткендеги прокурордун өлүмү: Тергөө иштериндеги мыйзам бузуулар жөнүндө арыз райондук сотто каралды
22.05.2019Баткендеги прокурордун өлүмү: Соттук отурумда жаңжал чыкты. Видео
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×