Бөлүмдөр
Бейшемби, 27-июнь
Баткен облусуЛейлек району 22.05.2019 18:19

Лейлектеги кичинекей окуучуларга жолдо жүрүүнүн эрежелери үйрөтүлдү

Turmush -  Бүгүн, 22-майда Лейлек районунун Исфана шаарындагы №4 гимназия жана А.Навои, Токтогул, Амир Темир орто мектептеринин окуучуларына жол эрежелери түшүндүрүлдү. Бул тууралуу Баткен ОИИБдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, эртең мененки саат 07:30дан баштап жол коопсуздугун камсыздоо кызматынын өкүлдөрү башталгыч класстардын окуучулары менен айдоочуларга жолдо жүрүүнүн, жол чырактан, өтмөктөрдөн өтүүнүн тартиптери боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү. Андан сырткары окуучулар менен мугалимдерине жолдо жүрүүнүн эрежелери боюнча атайын даярдалган тасмалар көрсөтүлдү. Башталгыч класстын окуучулары менен суроо-жооп, кичи сынактар уюштурулуп, активдүү катышкан окуучуларга белектер берилди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×