Бөлүмдөр
Жума, 21-июнь
Нарын облусуЖумгал району 22.05.2019 17:28

Жумгалдын Кызыл-Жылдыз айылдык китепканасына 1000 китеп тапшырылды

Turmush -  Нарын облусунун Жумгал районунун Кызыл-Жылдыз айылдык китепканасына «Бир адамдан бир китеп» долбоорунун жүрүшүндө 1 000 китеп чогулду. Бул тууралуу уюштуруучу Султанбек Куштарбек уулу билдирди.

Анын айтымында, Кызыл-Жылдыз айыл өкмөтүнүн китепканасына долбоордун алкагында чогултулган китептер салтанаттуу түрдө өткөрүлүп берилди. Иш-чарага маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары Нуржигит Кадырбеков, «Ыйман» диний маданиятты өнүктүрүү фондунун координатору Табылды Муратбеков, долбоордун негиздөөчүлөрүнүн бири Эрлан Смайыл уулу баштаган жаш активисттердин тобу келишип, эл менен жолугушуу өткөрүштү.

«Долбоордун алкагында 1 миң китеп чогулта алдык. Демилгени колдоп, аягына чейин иш алып барышкан командама жана демөөрчү болгон бардык тургундарга, мектеп окуучуларына, агай-эжейлерге, долбоорубуздун башкы демөөрчүсү, айылдын ардактуу атуулу Каныбек Казыбековго терең ыраазычылык билдиребиз. Жалпы наркы 60 миң сомдук жаңы китептерди алып берип, андан тышкары 200дөй китеп чогултуп берди», - деди С.Куштарбек уулу.

Кызыл-Жылдыз айылынын эли ардактуу атуул Каныбек Казыбековдун ысымын китепканага ыйгарууну сунушташты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×