Бөлүмдөр
Жума, 21-июнь
Талас облусуТалас району 22.05.2019 19:10

Жаш талант: 15 жаштагы Анжелика ырларды жазып, чыгармачылыкка аралашууда (сүрөт)

Turmush -  Талас районуна караштуу Калба айылынын 15 жаштагы тургуну Анжелика Казыбекова ыр жазып, акындык өнөрүн такшалтууда. Аймактык кабарчы жаш талант менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, учурда 8-класста окуйт.

«Туугандарымдан менден башка эч ким ыр жазбайт. 2 жылдан бери ырларды жазып жүрөм. Көбүнчө патриоттук жана насаат ырларды жазам. Учурда 30дан ашуун ырым бар. Ыр саптарын түн ичинде барак бетине түшүрөм. Кээде каталарын оңдогонго туура келип калат. Акыркы жолу ыйман темасында ыр жазгам. Мектептеги ар бир майрамга калтырбай жазып берип турам. Андан тышкары классташтарым, кошуналарым «ыр жазып берчи» деп көп кайрылышат.

Поэзия кечелерине катышып турам. Таласта жаш акындар клубунун мүчөсүмүн. Ал кечеден барган сайын жакшы ыкмаларды билип келем. Акын эжекелерге ырларымды текшертип калам. Алар туура эмес болуп калганын оңдоп беришет жана уйкаштырууга жардамдашып, жазуу ыкмаларынан бөлүшөт. Алгач сахнага чыкканда элди көргөндө сүрдөп, ырларымды унутуп калган учурларым болгон.

Мен ыр жазууну кыйын же оңой деп калчай албайм. Аткени кудайдан берилген талант деп эсептейм. Ыр жазууда сөздөр жан дүйнөдөн чыгыш керек. Бирөөдөн уурдап же көчүрүп алууга болбойт деп ойлойм. Ата-энем үчүн дагы ырларды жазып бергем. Курдаштарыма арнап көп ыр жазам. Ырларымдын бири жүрүм-туруму өзгөрүп бара жаткан классташыма арналган эле. 1 ай убакыттан кийин жакшы жакка өзгөргөнүн байкадым», - деди ал.

Жаш акын үй-бүлөдө 3 бир туугандын улуусу. Келечекте журналист болууну кыялданат.

Поэзия

Жан дүйнөгө бакыттын нурун чачып,

Жашоого эркиндиктин жолун ачып.

Кыялыңды, оюңду тереңдетип,

Ой чабытты, акылды жаңылантып.

- - -

Айтылбаган сезимдерди жеткирип,

Арзуусун жүрөгүңдүн сездирип.

Поэзия — бул жанга кубат азыгым,

Поэзия — бул кишендеген казыгым.

Сагындырган бир элес

Бул өмүрдө тирегимсиң атаке,

Сагынычым айткым келет мен сизге.

Өксүк менен өтүп келет күндөрүм,

Келбедиң го узак жылдар эмнеге?

- - -

Кусаланам күндө эстейм карааның,

Ата сенин көргүм келет жамалың.

Ушунчалык аруу таза ойлорум,

Атакебай сизге гана арнадым.

- - -

Сизди ойлоп кайраттанам, күчтөнөм,

Күтө берип өзөгүмдөн өрттөнөм.

Келсеңчи кусалантпай жүрөктү,

Менде жанат үмүт шамы өчпөгөн.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×