Бөлүмдөр
Бейшемби, 27-июнь
Баткен облусу, Баткен 22.05.2019 16:30 На русском

Баткен ШИИБдин имаратынын ачылыш аземи өттү

Turmush -  Бүгүн, 22-майда Баткен ШИИБдин имаратынын ачылыш аземи өттү.

Түзүмдүн маалыматына караганда, шаардык ички иштер бөлүмү облус өзүнчө макам алгандан кийин 2008-жылы түзүлгөн. Баткен шаарында облустук, райондук жана шаардык макамдагы 200гө жакын мекеме-ишканалар жана ар түрдүү билим берүүчү 15 мекеме жайгашкан. Бүгүнкү күнгө чейин Баткен ШИИБдин өзүнө караштуу административдик имараты жок болчу. Андыктан Социалдык фонддун имаратында убактылуу келишимдин негизинде иштеп келген. Ал имарат Баткен облустук ички иштер башкармалыгынын балансына өтпөгөндүктөн быйыл февраль айында Баткен шаарынын мэри Мамыржан Рахимов аны Баткен ШИИБге ыйгарды. Имаратты капиталдык оңдоого Баткен шаарындагы ишкерлер тарабынан жалпысынан 600 миң сом сарпталды. Имараттын ачылыш аземинде анын оңдолушуна салым кошкон бир катар ишкерлер сыйланды.

Баткен ШИИБ тейлеген Баткен облусунун борборунда 29 миң 411 адам жашайт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×