Бөлүмдөр
Шаршемби, 26-июнь
Нарын облусуЖумгал району 22.05.2019 15:23 На русском

Кумарын кандырып, таенени эки небереси менен чогуу өлтүргөн жигит. Окуянын чоо-жайы

Turmush -  Нарын облустук соту 30 жаштагы Азаматтын (аты өзгөртүлдү, Ш.К.) кылмыш иши боюнча чечим чыгарды. Бул тууралуу аталган түзүмдүн басма сөз кызматынын катчысы Б.Белеков билдирди.

Айыпталуучу — Азамат 1989-жылы Чүй облусунун Жайыл районунун Суусамыр айылында туулган. Нарын облусунун Жумгал районундагы Көк-Ой айылынын тургуну. Жарандык никеден ажырашкан, бир кыздын атасы. Билими жок, убактылуу иштебейт. 2018-жылдын 22-декабрынан бери камакта.

Ал Жазык кодексинин 130-беренесинин 2-бөлүмүнүн 3-9-11-13-пункттарында (өзгөчө мыкаачылык менен киши өлтүрүү; күнөөлүү билип туруп алсыз абалдагы же билип туруп жашы жетелекке карата; эки же андан ашык адамга карата; зордуктоо же башка формадагы зомбулук менен жыныстык кумарын кандыруу менен коштолуп), 161-берененин 4-бөлүмүндө (жашы жете электи зордуктоо), 210-берененин 2-бөлүмүндө (бөтөн мүлктү жок кылуу же бузуу) көрсөтүлгөн кылмыштарды жасоо боюнча айыпталган.

Азамат 2018-жылдын 20-декабрында Жумгал районундагы Көк-Ой айылынын тургундары — 1971-жылы туулган Э.А., анын 2011-жылы туулган жээн небереси А.И.ни (уул бала) тумчуктуруп өлтүрүп, 2014-жылы туулган жээни А.И.ни (кыз бала) зордуктап, андан соң тумчуктуруп өлтүргөн. Кылмышты жашыруу максатында турак жайды өрттөп жиберген.

Аталган кылмыш иши Жумгал райондук сотунда каралып, райондук соттун 2019-жылдын 25-мартындагы өкүмү менен 1800 эсептик көрсөткүч (180 миң сом) өлчөмүндө айып салуу менен өмүр бою эркиндигинен ажыратуу жазасы чектелип, камакта калтырылган. Райондук соттун чечимине нааразы болгон соттолуучу тараптын апелляциялык даттануусу 2019-жылдын 17-майында Нарын облустук сотунун жазык иштери жана административдик укук бузуулар жөнүндөгү иштер боюнча соттук коллегиясында каралды. Иштин ичиндеги материалдарды изилдеп, апелляциялык тартипте келтирилген даттануунун жана ага карата келтирилген каршы пикирди талкуулаган соттук коллегия Жумгал райондук сотунун 2019-жылдын 25-мартындагы өкүмүн өзгөртүүсүз, соттолуучунун жана анын жактоочусунун апелляциялык даттануусун канааттандыруусуз калтырды.

Өкүмгө нааразы тарап Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна кассациялык тартипте даттанууга укуктуу.

Жумгалдын Көк-Ой айылында киши колдуу болуп каза болгон 47 жаштагы аял менен эки небереси 2018-жылдын 22-декабрда жерге берилген (окуя 21-декабрга караган түнү болгон). Алар маркум аялдын ошол эле айылдагы кайнатасы жашаган үйдөн узатылган.

Айылдаштарынын айтымында, маркум 4 баланын апасы болчу. Ал эми өзү менен бирге каза болгон 4 (кыз бала) жана 7 (эркек бала) жаштардагы жээн неберелери улуу кызынын балдары болгон. 26 жаштагы кызы күйөөсү менен ажырашып, балдарын апасы багып өстүргөн. Маркумдун улуу кызы, уулу (23 жашта) жана кичүү 2 кызы (22 жашта) Бишкек шаарында окуп, эмгектенип жүрүшкөн. Ал эми жолдошу 2017-жылы көз жумган.

-----------------------------------------------------------------------

Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынын билдирүүсү боюнча, 2018-жылдын 21-декабрында Жумгал РИИБдин нөөмөт бөлүмүнө Көк-Ой айыл өкмөтүндөгү Көк-Ой айылындагы турак үй өрттөнүп, адамдар каза болгону тууралуу маалымат түшкөн.

Окуя болгон жерге ыкчам тергөө тобу барып, Нарын ОИИБ менен Жумгал РИИБдин кызматкерлери биргелешип жүргүзгөн алгачкы иликтөө иштеринин натыйжасында кылмыштын изи табылды.

Алгач өрттөнгөн үйдүн 47 жаштагы жашоочусу Эрмекгүлдүн (ысымы өзгөртүлдү) жансыз денеси өрт чыккан бөлмөдөн табылган. Ал эми башка бөлмөдөн эки кичинекей баланын денеси табылды. Кийинчерээк ал балдар маркум аялдын неберелери — төрт жаштагы Илима (ысымы өзгөртүлдү) жана 7 жаштагы Ильяз (ысымы өзгөртүлдү) экени такталган.

Расмий маалымат боюнча, алгачкы кароо жүргүзүүдө 47 жаштагы Эрмекгүл (ысымы өзгөртүлдү) менен 4 жаштагы Илима (ысымы өзгөртүлдү) зордукталганы аныкталган. Ал эми 7 жаштагы балага күч колдонуп, муунтуп өлтүрүшкөн. Көп узабай шектүү кармалган.

Шектүүнүн алгачкы көрсөтмөсү боюнча, 20-декабрда саат 21:00дөн тарта 23:00гө чейин маркум менен бирге анын үйүндө спирт ичимдигин ичишкен. Эрмекгүл уктап калганда башка бөлмөдөн уйкудан ойгонуп чыккан 4 жаштагы кызды күч колдонуп зордуктаган. Анын жанында уктап жаткан 7 жаштагы бала ойгонуп кеткенде алгач колу менен муунтуп өлтүрүп, андан кийин кызды да тумчуктуруп өлтүргөнүн айткан.

Андан кийин башка бөлмөдөгү Эрмекгүлдү муунтуп өлтүрүп, кылмышты жашыруу максатында мештеги чоктон бөлмөгө чачкандан кийин качып кеткен.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×