Бөлүмдөр
Шейшемби, 25-июнь
Талас облусу, Талас 22.05.2019 16:01

Таласта дзюдо боюнча эл аралык мелдеш башталды

Turmush -  Кечээ, 21-майда Талас шаарында дзюдо боюнча эл аралык мелдеш башталды. Бул тууралуу Талас облусундагы дзюдо боюнча машыктыруучу Келсинбек Кыдыралиев билдирди.

Анын айтымында, таймашка Казакстан, Тажикстандан келген 13 жаштан 16 жашка чейинки 300 балбан катышып жатат. Жалпысынан Казакстандан 8 команда, Тажикстандан 1 команда жана Кыргызстандын бардык региондорунан келген спортчулар күч сынашууда. Турнирдин байге фонду 180 миң сомду түзөт.

Аталган мелдеш 1-июнь — Балдарды короо күнүнө карата уюштурулган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×