Бөлүмдөр
Шейшемби, 25-июнь
Ысык-Көл облусу, Каракол 22.05.2019 13:46

Ысык-Көлдү өнүктүрүү фонду аркылуу Каракол шаарында кандай иштер жасалды?

Turmush -  Ысык-Көлдү өнүктүрүү фонду облустун башка район-шаарлары сыяктуу эле Каракол шаарынын өнүгүшүнө дагы каражат бөлүп келет. Аталган фонддун жардамы менен Каракол шаарында кандай иштер жасалганына Turmush басылмасынын кабарчысы күбө болду.

Маалым болгондой, аталган фонддун жардамы менен Каракол шаарынын жолдору оңдолгон.

«Шаардын босогосу болгон Кыдыр-Аке жолу эки жылдан бери жасалып жатат. Былтыр Пржевальск көчөсүнөн Күчүков шоссесине чейин 1 чакырым 200 метрди тендерден уткан «Дили» ЖЧКсы жасап чыккан. Ага 54 млн 861 миң 953 сом жумшалып, 10 айда толук жасалды. Быйыл шаар үчүн маанилүү болгон жолдун курулушу улантылып, кайра калыбына келтирүү иши башталды.

Быйыл жолго 77 млн 48 миң 144 сом бөлдүк. Иш март айында башталды. Аны тендерден «Дорстрой сервис» ишканасы утуп алып, учурда иш жүргүзүп жатат. Жол бардык талапка ылайык жасалып, 4 багыттуу жана туурасы 30 метр болот. Аны менен бирге тротуар, арык системасы кошо жасалууда», - дейт фонддун техникалык адиси.

Аймактарды өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылынын алкагында аталган фонд Каракол ШИИБдин «Бирдиктүү терезе» боюнча иштеген мамлекеттик кызматтарды көрсөтүү борборун ачууга салым кошту. Фонд тарабынан 1 млн 891 сомго имарат толук оңдоодон өткөрүлгөн.

«Бул жерден жарандар кылмыш жоопкерчилигине тартылганы же тартылбаганы, өлкөнүн аймагында соттолгону же соттолбогону тууралуу маалым кат алышат. Ошондой эле тургундар жүк ташыган унааларга уруксат кагаздарын, лицензияларды алышат», - деди кызматкер.

Ошондой эле Ысык-Көлдү өнүктүрүү фонду Ысык-Көл облустук бириккен ооруканасынын материалдык техникалык базасын чыңдоого салым кошуп келет. Былтыр 2018-жылы жасалма бөйрөк иштетүүчү аппараттардын тетиктерин 2 млн 117 миң 896 сомго сатып берген. Ошондой эле өткөн жылдын декабрь айында 4 млн 800 миң сомго жасалма бөйрөк иштетүүчү 4 аппарат алынган.

«Гемодиализ бөлүмү 2005-жылы ачылган. Тынбай иштеген аппараттардын эскилиги жеткен. Анда Ысык-Көлдү өнүктүрүү фонду тетиктерди, суу тазалагычтарды алып берген. Учурда 51 бейтап жумасына 3 жолу гемодиализ алат. Аларды дарылоо акысыз болуп, 4 саатка созулат. Бейтаптарга бардык шарттар түзүлгөн», - дейт оорукананын гемодиализ бөлүмүнүн инженер техниги Аманбай Акунов.

Аталган ооруканага заман талабына ылайык анализдин 192 түрүн аныктай алган лаборатория ачууга Ысык-Көлдү өнүктүрүү фонду 3 млн 189 миң 579 сом бөлүп, имарат капиталдык оңдоодон өткөн. Ал жерде 11 адам эмгектенет.

«Борборлоштурулган бул диагностикалык лабораторияны 14-февраль күнү ачтык. Мурда көпчүлүк анализдерди кол менен текшерчүбүз. Анда убакыт жана аныктоочу дары-дармектер дагы көп кетчү. Автоматташтырылган анализаторлорду койгондон кийин биздин иш тездеди. Анын жакшы жагы бейтаптар эртең менен анализ беришсе, түштөн кийин жыйынтыгын алышат. Мындан улам ооруну убагында дарылоого болот. Бир күндө 200гө жакын адамдын бир нече анализин текшерип чыгабыз», - дейт улук лаборант Ирина Мисарова.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×