Бөлүмдөр
Шейшемби, 25-июнь
Ош облусу, Ош 22.05.2019 12:23

Чех университетинин окутуучусуна ОГПИнин «Ардактуу профессору» наамы ыйгарылды (сүрөт)

ОГПИнин ректору Бекмурза Зулуев жана Петр Кокайсл
ОГПИнин ректору Бекмурза Зулуев жана Петр Кокайсл

Turmush -  Ош гуманитардык-педагогикалык институтунда эл аралык байланышты бекемдөөгө кошкон салымы үчүн Чех дыйканчылык университетинин доценти, кыргыз таануучу, тарыхчы, этнограф, илимдин доктору Петр Кокайслга окуу жайдын «Ардактуу профессору» наамы ыйгарылды.

Аталган жогорку наамды ыйгаруу чечими институттун окумуштуулар кеңеши тарабынан чыгарылган. Аны салтанаттуу түрдө жалпы профессордук-окутуучу курамдын жана студенттердин катышуусунда ректор Бекмурза Зулуев тапшырды. Петр Кокайсл дагы өз кезегинде сөз сүйлөп, толкунданып турганын айтып, окуу жай тарабынан көрсөтүлгөн жогорку деңгээлдеги урмат-сый үчүн ыраазычылыгын билдирди.

Ошондой эле жаңы окуу жылында бир нече окутуучуну жана студенттерди өзү иштеген университетке тажрыйба алмашууга чакырарын жана мындан ары дагы жогорку окуу жайлардын ортосунда ар тараптуу кызматташууну кеңейте берүүнү улантарын баса белгиледи.

Билим берүүнүн жаңы талаптарына ылайык Ош гуманитардык-педагогикалык институту ички жана тышкы байланыштарды бекемдөөдө. Ошондой эле Чех дыйканчылык университети менен кызматташып, жаңы окуу жылында биргеликте иш алып баруу пландалууда.

Буга чейин Turmush басылмасы Петр Кокайсл ОГПИде студенттерге конок катары лекция окуганын жазган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×