Бөлүмдөр
Бейшемби, 27-июнь
Ысык-Көл облусу, Балыкчы 22.05.2019 12:05 Жаңыланды: 12.06.2019 22:41

«Келиндин келгендегиси эсинен кетпейт»: Балыкчылык С.Ниязбаеванын кызыктары

Turmush -  «Жеңеке» долбоорунун кезектеги каарманы — Балыкчы шаарынын 38 жаштагы тургуну Салтанат Ниязбаева. Аны менен аймактык кабарчы таанышты.

Өзүнүн айтымында, ал Тоң районунун Тогуз-Булак айылында төрөлгөн.

«Мектепти аяктагандан кийин эле турмушка чыктым. Болочок жолдошум менен Балыкчы шаарына барганда таанышкам. Экөөбүз 4 ай сүйлөшүп, анан баш коштук. Жолдошум — Нурлан Курманбаев 1976-жылы төрөлгөн. Мүнөзү токтоо, оор басырыктуу. Бири-бирибизди түшүнүп, жашап келе жатабыз», - дейт ал.

Салтанат Ниязбаева жаңы келин болуп келгендеги эсинен кетпеген окуясын эстеди.

«Келиндин келгендегиси эсинен кетпейт дегендей, мен жаңы келин болуп келгенде кайнатамдын агасы отко киргизип, бизди конокко чакырышты. Биз үй-бүлөбүз менен бардык. Үйүнө барганыбызда алар бизди тосуп алышып: «төргө өткүлө» десе, мен чоң кайненемден биринчи барып отуруп алыптырмын. Абысыным мени акырын чакырып, «келиндер төргө өтпөйт» деп айткандан кийин аябай уялгам», - дейт ал.

Жубайлар учурда үч уул, бир кызды тарбиялап жатышат.

«Учурда Балыкчы шаарында нан азыктарын бышырып иштеп жатам. Өзүбүз Ак-Өлөң айылынын жанында жашагандыктан короодо мал кармап, уй саайм, үндүк багабыз. Үндүк басып чыгарган жөжөлөрүн карайбыз.

Биздин 3 уул, 1 кызыбыз бар. Алар ыймандуу, адамгерчиликтүү адам болуп чоңоюшса дейбиз. Биздин максат — балдарыбызды окутуп, алардын жашоодо өз ордун табуусуна шарт түзүү», - дейт ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×