Бөлүмдөр
Шейшемби, 18-июнь
Чүй облусу, Токмок 22.05.2019 12:03 На русском

Токмоктук мушкерлер Өзбекстандагы турнирде курдун баарын тагынып келишти

Turmush -  Өзбекстандын Андижан шаарында өткөн кулатуу эр таймаш ММА боюнча эл аралык турнирде байгеге коюлган 6 курду токмоктук спортчулар алып келишти. Бул тууралуу аймактык кабарчыга Токмок шаардык мэриясынан билдиришти.

мушкер

«Бул чоң мелдеште профессионалдар арасында 6 кур коюлду. Ушул алты курдун баарын биздин Токмок шаарыбыздын “Барс-Токмок” клубунун спортчулары, келечектен көптү үмүттөндүргөн мушкерлерибиз жеңип келишти. Алар: Чомотой Туратбеков, Баяман Сейитбеков, Таалайбек уулу Нуржигит жана Жаныбек Азимканов. Машыктыруучусу — Мирлан Усманов», - деп билдиришти мэриядан.

Ийгилик менен кайтып келген мушкерлерди шаар мэри Данияр Амангелдиев иш бөлмөсүндө кабыл алып, аларга ыраазычылык билдирди.

Эл аралык мелдеште Кыргызстан, Өзбекстан жана Казакстандандын 500дөн ашуун мушкерлери күч сынашкан.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×