Бөлүмдөр
Шейшемби, 10-декабрь
Ош облусуЧоң-Алай району 22.05.2019 11:47

Чоң-Алайда көп балалуу энелер сыйланды (сүрөт)

Turmush -  Кечээ, 21-май күнү Чоң-Алай районунда көп балалуу энелер сыйланганын райондук администрациядан билдиришти.

Маалыматка караганда, райондогу Жекенди айыл өкмөтүнүн 6 тургунуна «Баатыр эне» ордени ыйгарылса, 3 энеге «Эне даңкы» медалы тапшырылган. Чоң-Алай айыл өкмөтүндө 9 аялга «Баатыр эне» наамы ыйгарылып, үчөөнө «Эне даңкы» медалы тапшырылган. Кашка-Суу айыл өкмөтүнүн 5 тургуну дагы «Баатыр эне» орденин алышкан. Ошондой эле төш белгилер менен сыйланган энелерге гүл жана жоолук тапшырылып, аларга чакан концерттик программа уюштурулган. Энелердин баары орозо кармашкандыктан, сый тамак уюштурулган эмес. Майрамдык иш-чарага 7 баладан ашык төрөгөн энелер чакырылган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×