Бөлүмдөр
Шаршемби, 17-июль
Чүй облусуМосква району 22.05.2019 10:35 На русском

Жол кырсыктан эс-учун жоготкон адамдын аты-жөнү түрмөдөн аныкталган: Погончон айымдын кызыктары

Нуркыз Атамкулова
Нуркыз Атамкулова
// Turmush

Turmush -  34 жаштагы милициянын капитаны, Москва РИИБдин өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясынын аймактык тескөөчүсү Нуркыз Атамкулова Чүй облусунун Москва районундагы Беловодск айылынын тургуну. Анын ички ииштер бөлүмүндөгү ишмердүүлүгү, зер буюмдарды жасап, фиалка гүлүнүн 15тен ашуун түрүн өстүргөн жашоосу менен аймактык кабарчы таанышты.

Нуркыз Атамкулова 1985-жылдын 17-апрелинде Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Кой-Таш айылында төрөлгөн. Ал үй-бүлөдө жалгыз кыз. Турмуш шартка байланыштуу 3 айынан баштап Жайыл районунун Моңолдор айылындагы таятасы Иманкул менен таенеси Калиянын колунда өсүп, тарбияланган.

«Жаштайымдан айыл тарбиясын алдым. Андагы адамдардын жөнөкөйлүгүн, мээнеткечтигин, меймандостугун жана ыймандуулугун дил азык туттум. Улуулардын адеп тарбиясын жан дүйнөмө сугардым. Ошондон улам тентектигим тез токтолду окшойт. Чындыгында өтө тентек болгон экенмин. Таятамдын Дөңчеке жоргосун минип, балдар менен тең жарышкан күндөр али да эсимде. Айрым тартипти, оюн эрежелерин бузган кыздарды кадимкидей сабап салчумун. Айылдагылар таенеме келишип, «Калия апа, небереңиз Нуркыз айылдын атаманы болуп кетти. Балдарыбыз босогодон чыкпай калбадыбы» дешсе, таенем «кой айланайындар, ал нурдан бүткөн кыз. Аты эле Нуркыз болуп жатпайбы. Өзүм тартипке чакырып коём. Үйүңөргө бара бергиле» деп, колуна чыбык алып, мага көздөй жөнөчү экен. Бул анда эл көзүнө эле опузалоосу болгон тура.

Эмнегедир тентек кыялым 12-13 жашымда өтө тездик менен токтоду. Азыр да курбуларым менен жолугуп, балалык күндөрдү эстегенде жыргап күлүп жатып калабыз. Ошондо, мүмкүн акыл-эсим жетиле баштап уялдымбы, үй тиричилигине жарап убакыт үнөмдөлдүбү, айтор баёо сезимдерге толгон балалыктын алтын барактары толгондой...

Кара-Балта шаарындагы А.С.Макаренко атындагы орто мектептен билим алдым. Эсимде, ал окуучулук күндөрүм. Кыш айы эле. Мугалим эжейибиз «мектептин жылытуу системасы начар иштеп жатат. Суук да бара-бара күчүнө кирүүдө. Класстагы гүлдөрдү үйүңөргө алып барып, жылуу жайга койгула. Күн жылыганда алып келесиңер» деген. Ошондо гүлдөрдү чанага салып алып, 20 жолу каттап, гүлдөрдү үйгө ташыгам. Көрсө, ошондо эле гүлгө болгон кызыгуум ойгонгон экен», - деди милициянын капитаны.

Ал А.С.Макаренко атындагы орто мектебинин 9-классын аяктаган соң, Кара-Балта шаарындагы тамак-аш өнөр жай техникумунда бюджеттик негизде 1 жылда 10-11-класстардын базасын бүтүрөт.

«Келечекте милиция болуу кыялымды реалдуу турмуш чындыгына ашыруу максатында документтеримди топтоп, шаарга жөнөдүм. Анда Бишкек шаарын жакшы билүүчү да эмесмин. Шаардан аталаш эжем Нургүл тосуп алып, академияга ээрчитип барган. Андан тестти ийгиликтүү тапшырып, ИИМдин милициянын генерал-майору Э.Алиев атындагы академиясына студент болуп кабыл алындым. Ошондогу сүйүнүчүмдү айтпаңыз. Дүйнөдө менден өткөн бактылуу адам жоктой сезилген.

Эсимде, кыштын ызгаардуу күнү эле. Сабактан чыгып, Кара-Балтага жетүү максатында Бишкек—Мерке каттамындагы жүргүнчүлөрдү ташуучу поездге отурдум. Заматта уктап кетиптирмин. Албетте, чарчагам да. Көзүмдү ачсам бир ээн талаа. Көрсө, Кара-Балтадан өтүп, Кайыңдыга келип калыптырбыз. Поезд токтогондо дароо чуркап түштүм да, айланамды элеңдеп карай баштадым. Чөнтөгүмдө болгону 5 гана сом бар. Поездде жол кире курсанттар үчүн бекер болчу. Айлам кете баштады. Коркуу сезимим денемди басмырлап алды. Күн суук. Ызылдаган бороон. Кечки саат 22:00 чамасы. Бир убакта тээ алыста турган адамдын карааны көзүмө көрүндү. Ичимден сүйүнүп, ага кандай жете барганымды да билбейм. Ал киши менин жөн-жайымды түшүндү да, «чурка, кызым. Азыр тигил жердеги кант заводунан жумушчуларды ташыган автобус кетет. Ошого отур да үйүңө жетип ал» деди. Ыракматымды кайра-кайра айтып, ошол автобус менен Кара-Балтага келип, андан соң кар кечип, саат 23:00дө үйгө баргам. Мен көп эле кыйынчылыкты баштан өткөрдүм. Бирок баарын жеңип келем. Себеби, өз күчүмө, акыл-эсиме, көргөн тарбияма таянам, ишенем.

Академияда окуп жүргөндө батирден-батирге көчүп, ошондо да кийимдериме ороп гүлдөрүмдү кошо ала жүргөнүм мен үчүн кызыктуу, романтикалуу жашоо эле. Мен жашоодо гүлсүз жашай албаганымды ошондо эле сезгем. Мындан ары да гүлсүз жашоону элестете албайм», - дейт Нуркыз Атамкулова.

Ал 2007-жылы академияны аяктаган соң, алгачкы эмгек жолун Аламүдүн РИИБде тергөөчү болуудан баштаган. Андан соң Жайылда, учурда Москва РИИБде иштеп келет. Кыргыз коомундагы ички иштер кызматында иштеген кыздардын ролу өзгөчө экендигин өз иши, аракети менен далилдейт.

«Ошентип, сүйгөн кесибимде эмгек жолумду баштадым. Күн санап такшалып, теориялык билимим практика менен айкалышып бекемделип жатты.

Жол кырсыгынан эс-учун жоготуп, өздүгү такталбай ооруканада жаткан жаран жөнүндө маалымат түштү. Мурда изилдөө (экспертиза) тобу кол манжаларынын тактарын алганда жарандын өздүгү так аныкталган эмес. Мен кайрадан кол манжаларынын тактарын алганымда 30 жаштагы, казак улутундагы Казакстандын жараны экендиги жана мурда соттолгондугу аныкталды. Ошентип, анын мурда соттолгондугунан өздүгүн тактагам. Ал эми тергөө кызматында иштеген тажрыйбам учурда жаш өспүрүмдөр менен иштөөдө өзгөчө оң таасирин берип келет. Бул багытта мындай мисалды келтирүүгө болот. Москва районундагы Мураке айылында кечки саат 22:00 чамасында чоң жолдо кетип бара жаткан жеңил автоунааны түн ичинде балдар таш менен уруп, айнегин талкалаган. Айдоочусу РИИБге бул тууралуу арызданып кайрылган. Анын негизинде шектүү балдарды кармап, аныктоо иш-аракеттеримди жүргүздүм. Мен каардуу, ачылуу мүнөз күтүп, шектүүнү коркутсам, кесиптешим ага боор тартып, жакшы сөздөр менен алдоого өттү. Бул биздин тактика болчу. Албетте, шектүү бала кесиптешим жакка позициясын өзгөртүп, жакшы жакка өттү. Ошондон биз билдик. Акырында 16 жаштагы Арсланбек (аты өзгөртүлдү) аттуу бала өз күнөөсүн мойнуна алып, кылмыш иши ачыкка чыккан. Мындай иш-аракетте эң оболу баланын психологиясын терең билүү керектигин туйдум», - деди ал.

Ал эми турмуш босогосун аттап, үй-бүлө күтүп , бактылуу күндөрдүн коңгуроосу кагылып турган учурда жолдошу Максат жол кырсыгынан каза табат. Ал да кезегинде ички иштер кызматында иштеген. Кош бойлуу келин кара жамынып, турмуш мыйзамына баш ийип, түпсүз ойдун көлүнө чөгөт. Ал күндөрүн мындайча эскерет.

«Кызык... Жолдошум Максат каза болгон күн 2015-жылдын 11-майы болсо, уулум Шабдан төрөлгөн күн 2015-жылдын 5-ноябры. Сандары алмашкан (11.05.2015 жана 05.11.2015) жоготуу жана жаралуу күндөр. Ушул мезгилге чейин бул сырдын түйүнүн чече албайм. 10 жаштагы кызым Азизаны, 4 жаштагы уулум Шабданды кош канатымдай жетелеп, батирлерде жашап келем. Учурда Москва РИИБге караштуу жатаканада убактылуу турам. Бир күнү бул жайды да тапшыра турган учур келет да. Ошондо кайда барам. Өкмөт тарабынан ички иштер кызматында иштегендерге бериле турган турак жай боюнча кезекте турам. Бирок качан бериле турганы белгисиз.

Жолдошум каза болгон соң убактылуу болсо да тумандаган оюмду башка нукка буруу максатында интернет булактарын карап, зер буюмдарын жасоого кириштим. Менин колумдан көп нерсе келерине дагы бир ирет ишендим. Интернетте кандай болсо, дал ошонун өзүндөй жасайм. Адам баласына жараткан талант, жөндөм-шыкты ыроологон тура. Биз анын ачкычын таппай күн кечирет турбайбызбы. Баары изденүүдөн, аракеттен, кызыгуудан жаралат тура. Эми зер буюмдардын түрлөрүн өздөштүрдүм. Көргөндөр «кайдан сатып алдың? Канча турат экен?» дешет. «Жок. Мен өз колум менен жасагам» десем таң калышат.

Ал эми фиалка гүлдөрүнүн 350дөн ашуун сорту бар. Мен анын 15 гана түрүн араң өстүрдүм. Буюрса дагы өнүктүрүү ниетим бар. Гүлдүн 15 түрүнүн ар бири бири-бирине окшошпойт. Формасы, гүлүнүн түсү да ар башкача. Алар менен дайыма эртең менен кадимкидей сүйлөшөм. Суу куюп, түбүн жумшартам. Суу төгүлгөн жалбырактарынан кадимкидей тамчылар мени менен амандашат. Кээде сырымды айтам. Тынч туруп баары угушат. Гүлдөрүн жайкалтып мага жылмайыша карашат. Ошол да бакыттын бир үлүшү экенине жетине албайм. Өмүрүм гүл менен коштолуп жүргөнүнө толкундануу менен кызматыма жетип барам.

Мен бактылуумун. Маңдайымда балдарым, жанымда 87 жаштагы таенем Калия, жумушумда ардактуу кесиптештерим бар. Бир учурда облуста таяк тартыш боюнча мелдеште 2-орунду багындырып, медаль менен сыйлангам. Ал эми таенем мөмөлүү дарактай. Учурда 32 неберенин, 50 чөбөрөнүн, 10 кыбыранын сый-урматында», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×