Бөлүмдөр
Шаршемби, 19-июнь
Талас облусуТалас району 22.05.2019 09:18 На русском

Жаш кезде жесир калуу, президентке жолугуу, уул-кыздар: Айылдагы Замира жеңенин азаптан кийинки бактысы (сүрөт)

Turmush -  Талас районунун Жоон-Арык айылындагы 38 жаштагы «Баатыр эне» Замира Анарбекова 37 жашында таене болгон. Жолдошу Исламбек Гайнулин дагы 38 жашта. Аймактык кабарчы «Баатыр эне» наамынын ээси болгон жеңеке менен таанышты.

Тагдырдын бурулушу

Кара-Буура районунун Бакыян айылынын кызымын. Ар бир адамдын тагдыры ар кандай болуп калат экен. Мектепти аяктаган соң 18 жашымда турмушка чыккам. 1999-жылы улуу кызым төрөлдү. Аз эле убакыт өткөн соң жолдошум каза болуп калды. Анан кичинекей кызым менен Таласта медициналык кесиптик окуу жайда фельдшер бөлүмүндө окуп жүрдүм. Ошол кезде — 2003-жылы азыркы жолдошум Ислам экөөбүз таанышып калдык. Сүйлөшүп жүрдүк. Ал мен жөнүндө баарын билип, түшүнүү менен кабыл алды. Баш кошууну сунуштап, экөөбүз ошол жылы баш коштук. Улуу кызым ошондо 3 жашта эле. Жолдошум үйлөнбөгөн бала болчу. Ошол кезде каршылыктарга моюн сунган жок. Мен бактылуу жашап кетем деп өзүн да, мени да ишендирип, чечкиндүү кадам жасаган. Кызыбызды өзүнүн кызындай кабыл алып, өзү багып чоңойтту. Мектептен жакшы баа алганына, ар бир ийгиликтерине сүйүнүп, жакшы көрүп, жакшы карап, турмушка узаттык. Экөөбүз 5 кыз, 1 уулдуу болуп, ортодо 7 баланы чоңойттук. Жолдошум экөөбүз 37 жашыбызда таята-таене болдук. Өзүм дагы 10 бир тууганмын. Алардын арасынан дагы биринчи мен таене болдум.

Айыл өкмөттүн «кордугу», президенттин сыйлыгы

«Баатыр эне» орденин алууга документ топтогон кезде айыл өкмөттөн «экинчи жолдошуңдан 6 гана бала экен» деп документтеримди кабыл албай койгон. Аябай ыза болуп, жаман акыбалда калгам. Анан бир адамдар себеп болуп, облуска өткөрүүгө аракет кылдым. Ошол кезде «Баатыр эне» төш белгисин президенттин колунан алат деп өтүп кетиптир. Көрсө ар бир облустан бир жаш баатыр эне жана жашы улуу бир баатыр эне президенттин колунан орден алуу үчүн чакырылыптыр. Ал кезде менде жанымда телефон жок болгонуна байланыштуу жолдошумдун номурун жазып келгем. Ага чалып, «жубайыңыз президенттин колунан төш белги алат» деп айтышыптыр. Ал мага айтса такыр ишенген эмесмин. Кайра чалып тактап көргөнбүз (күлүп). Кудай буйруп, 2015-жылы 33 жаштагы эң жаш баатыр эне деп экс-президент Алмазбек Атамбаевдин колунан төш белги алгам. Эң эле эсте калганы — Ак үйдөн төш белги менен чыкканыбызда жолдошум чоң роза гүлдестелер менен камераларды камдап койгон экен. Мага сюрприз кылып, өзгөчө тосуп алган.

Жолдошум «кыз төрөп жатасың» деп айткан эмес

Жолдошума абдан ыраазымын. Түшүнүктүү, көп нерсени оюна албаган, бала кыял адам. Башкаларды көп угуп калам, кыз төрөдү десе «эмнеге улам кыз төрөйсүң?» деп ооруканадан чыгып жатканда барбай коюшат экен. Менин жолдошум бир дагы жолу андай сөз айткан жок. Бардык балдарыбызды төрөтканадан үйгө жакшы чыгарып келип, аларды чоңойтууда жардам берип, кыздарын аябай жакшы көрөт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×