Бөлүмдөр
Шейшемби, 18-июнь
Баткен облусу, Сүлүктү 21.05.2019 17:10

Сүлүктү шаарында окуучулар арасында кичи футбол мелдеши өттү

Сүлүктүдөгү футбол мелдеш
Сүлүктүдөгү футбол мелдеш

Turmush -  Кечээ, 20-майда Сүлүктү шаарында окуучулар арасында кичи футбол мелдеши өттү. Бул тууралуу Баткен ОИИБдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, мелдеш өспүрүмдөр арасында кылмыштуулукту алдын алуу жана ынтымакты бекемдөө максатында уюштурулду. Ага 9 мектептин окуучулары катышкан. Жыйынтыгында 1-орунду №1 мектептин, 2-орунду №8 мектептин, 3-орунду №4 мектептин окуучулары ээлеп, белектер менен акчалай сыйлыктар тапшырылды.

Ошондой эле командалардан мыкты чабуулчу, мыкты коргоочу жана мыкты дарбазачылар тандалып, грамоталар менен сыйланышты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×