Бөлүмдөр
Жума, 6-декабрь
Ош облусуАлай району 21.05.2019 16:16 На русском

Алайда элүүдөй эне орден жана төш белги менен сыйланды

Turmush -  Алай районунда Энелер күнүнө карата уюштурулган майрамдык иш-чара Алымбек датка сейил багында өттү, деп билдирди аймактык кабарчы.

Райондогу 14 айыл өкмөттөн келген энелер салтанаттын алдында Алымбек датка жана Курманжан датка сейил багында эмгеги менен элге таанылган инсандардын сүрөттөрү, айкелдери менен таанышышты.

Энелер күнүнө арналган салтанатты Гүлчө айыл өкмөтүнүн башчысы Алтынбек Болбур уулу ачып, андан кийин райондун акими Замирбек Молдокулов конокторду майрамы менен куттуктады.

Ошондой эле райондогу 28 энеге «Баатыр эне» ордени жана 23 энеге «Эне даңкы» төш белгиси ыйгарылды. Аларга гүл жана белектер тапшырылып, ак жоолук салынды. Соңунда мектеп окуучулары жана райондогу маданият бөлүмүнүн өнөрпоздору тарабынан даярдалган концерттик программа тартууланды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×