Бөлүмдөр
Шаршемби, 26-июнь
Нарын облусуНарын району 21.05.2019 11:36

«Бут кийими табылып, өзү жок»: Он-Арча суусуна аккан Нуриланын апасынын абалы оор

Turmush -  Нарын облусунун Нарын районуна караштуу Миң-Булак айылында Он-Арча суусуна аккан 6 жаштагы кызды издөө иштери уланууда. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.

Аталган түзүмдүн маалыматына караганда, 17-май күнү саат 20:00 чамасында Нарын облусунун Нарын районунун Миң-Булак айылындагы Он-Арча суусуна 2013-жылы туулган С.Н. аттуу кыз түшүп кеткен.

«Ошол күндөн тарта издөө иштери жүргүзүлүүдө. Бүгүн, 21-май күнү саат 09:30да издөө иштерин улантуу максатында ӨКМдин Нарын шаардык №16 аскерлештирилген өрт-куткаруу бөлүгүнөн 21 куткаруучу, ӨКМдин суучулдар кызматынан 4 суучул тартылган. Жалпы ӨКМден 25 куткаруучу барып, издөө иштери жүргүзүлүүдө», - деп айтылат маалыматта.

Жеңеси Айгүл Калиеванын айтымында, Нурила бала бакчага барчу.

«Апасы Элиза дагы бала бакчада иштейт. Экөө чогуу үйгө келишиптир. Нурила бала эмеспи, күндөгүдөй эшикке ойногону чыгып кетиптир. Өзү теңдүү беш-алты кошуна кыздар жана балдар менен балык көрүү үчүн сууга барышыптыр. Аны кармайм деп Нурила өзү түшүп кетиптир. Жанындагылар кичинекей да “Нурила” деп кыйкырып туруп калышыптыр. Алар коркуп, эмне кыларын билбей тура беришиптир. Ошол жакка айылдагы жаш бала атын тушаганы барып калган. Ал балага айтышыптыр. Бирок кызды таппай калыптыр. Аталган баладан сурасак, “чуркап баргыча эле эч нерсе көрүнбөй, таппай калдык” деди. Жалпы айылдыктар суу жээктерин карап, таппай жатабыз. Балким коркуп, бир жерде отурабы деп түнү менен издедик. Азыр деле айылдаштар кийинки айылдарга чейин барып издеп жатышат.

Апасы жаман абалда. Атасы дагы издеп жүрөт. Мындай окуя айылыбызда биринчи жолу болуп жатат. Мындай болуп кетерин деле билген жокпуз», - дейт жеңеси Айгүл Калиева.

Нарын ОИИБден билдиришкендей, 2019-жылдын 17-майында саат 20:38 чамасында Нарын РИИБдин нөөмөт бөлүмүнө Нарын районунун Миң-Булак айылында кичинекей кыз Он-Арча суусуна түшүп кеткендиги тууралуу маалымат келип түшкөн.

Алгач анын сууга түшүп кеткендиги боюнча кабарды Нуриланын жанында ойноп жүргөн балдар — 2011-жылы туулган А.А., 2013-жылы туулган А.Э., 2011-жылы туулган Т.Х. жана 2016-жылы туулган А.У. Миң-Булак айылынын тургуну С.Э.ге билдиришкен. Окуя болгон жерде кароо жүргүзгөн учурда суунун жээгинен Нурилага таандык ачык кызыл түстөгү бут кийим табылган.

«Учурда Нуриланын өзү табыла элек. Аны издөө иштери уланууда», - деп айтылат маалыматта.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×