Бөлүмдөр
Шаршемби, 19-июнь
Баткен облусуКадамжай району 21.05.2019 09:45

Чагылган башына тийип, жүрөгүн тешип чыгып кеткен: Баткенде мал кайтарып жүргөн адам мерт болду

Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Turmush -  19-майда Кадамжай районунун Халмион айыл аймагынын Шыбыран жайлоосунда чагылган тийген адам мерт болду. Бул тууралуу бүгүн, 21-майда ӨКМден билдиришти.

Маалыматка караганда, каза болгон адам Кадамжай районунун Алга айыл аймагынын Чукур айылынын 1980-жылы туулган тургуну Ж.Ш. болгон. Ал мал кайтарып жүргөн учурда чагылган тийген.

Алдын ала маалыматтарга караганда, чагылган анын башына тийип, жүрөгүн тешип чыгып кеткен.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×