Бөлүмдөр
Шаршемби, 19-июнь
Ош облусу, Ош 20.05.2019 13:01 Жаңыланды: 20.05.2019 20:27 На русском

«Бизди кечир»: Индиядан боорун алмаштырып келген Мээргүл кечээ өмүр менен кош айтышты

Мээргүл Анарбек кызы
Мээргүл Анарбек кызы
// Turmush

Turmush -  Индия өлкөсүнөн боорун алмаштырып келген 25 жаштагы Мээргүл Анарбек кызы кечээ, 19-майда каза болду. Бул тууралуу кайрымдуулук фонддун жетекчиси Медер Сапарбаев билдирди.

Мээргүл Анарбек кызы боор оорусунун цирроз түрү менен ооруп, 2018-жылы Индияга барып, боорун операция жолу менен алмаштырып келген эле. Ага анын апасы донор болуп, боорунун жарымын берген болчу.

«Биз Мээргүлдү сактап кала албадык. Мээргүл бизди кечир. Кечээ, 19-майда түнкү саат 04:00 чамасында көз жумду. Апасын, бир тууганын багам деп, бөтөн элде кара жумуш кылып жүрүп ушул абалга келген.

Мээргүл бала кезинен эле жакшылык көрбөй өскөн кыз эле. Мынчалык кыйынчылыкка татыктуу эмес болчу. Аракетчил, мээнеткеч, намыскөй кыз болчу. 10 гүлүнүн 1 гүлү ачылбай кетип калды. Аны сактап калуу үчүн кыргыз эли колдон келишинче жардам берди. Ажал экен, эч нерсеге карабай алып кетти. Азыр өзүмдүн да кабыргам кайышып турат», - деди Медер Сапарбаев.

---------------------------------------------------------------------------------

Индияда жасалган операция 13 саатка созулуп, ийгиликтүү аяктаган. 25 жаштагы Мээргүлгө өзүнүн апасы донор болгонун алардын абалынан кабар алып келген Медер Сапарбаев билдирген.

«13 саат бою операция жасалды. Буга чейин көп кыйынчылык көрдү. Тилекке каршы мындай операциялар бизде жасалбайт экен. Азыркы учурда экөөнүн тең абалы жакшы.

Мээргүл бир ай Индиянын ооруканасында жатып, анализдин жыйынтыктары чыкканда Кыргызстанга келет. Бул жерде баса белгилеп кете турган нерсе, Мээримгүлдүн ден соолугуна кайдыгер карабаган кыргыз элине ыраазычылыгыбызды билдиребиз», - деген Медер Сапарбаев.

Буга чейин Turmush басылмасынын кабарчысына атасынан эрте ажырап, апасы, бир туугандары менен үйүнөн куулуп чыккан Мээргүлдүн тагдыры тууралуу туугандары айтып беришкен.

Мээрим

«Мээрим (Мээргүл) 15 жашында көр оокаттын айынан Россиянын Самара шаарына кеткен. Алгач 5 миң рубль айлыкка бала багуучу болуп иштеди. Кийинчерээк пол жууду, ар кандай жумуштарды жасап жүрдү. 18 жашка толгондо Кыргызстанга келип паспорт алып, кайра Россияга кетти. Биз ошондо эми турмушка чык десек “мен күйөөгө тийип кетсем апамдын абалы эмне болот? Жакындарымды үйлүү-жайлуу кылайын” деп, кийин үй-бүлөсү менен бирге Чүй облусунун Кара-Балта шаарынан үй алышты эле.

Мээрим ооруганга чейин

Мээрим (3)

Эки жыл мурда Кыргызстанга келип, ошол үйүн оңдоп-түзөп, кайрадан Россияга кетем дегенде ден соолугунан кыйналып калды. “Бөйрөгүм ооруп жатат” деп оорусуна маани бербестен түрдүү дарыларды өз алдынча ичип жүрө бериптир», - деген таежеси Б.Таштанбекова.

Жакындарынын айтымында, Мээргүл ошол бойдон ден соолугуна маани бербей, иштеп жүрө берген. Арадан 1 жылдай убакыт өтүп, оору күчөй баштаганда гана ооруканага кайрылышкан.

«Чыдатпай ооруй бергенде 2017-жылы бейтапканага анализ тапшырышкан. Жыйынтыгы боорунда курту бар деп чыгыптыр. “Боору чоңоюп кетиптир, аябай кеч кайрылгансыңар” деген дарыгерлер операция жасашып, боорунун көпчүлүк бөлүгүн алып салышкан. Бирок операциядан кийин абалы начарлап, чачтары түшүп калды. Кайра ооруканага кайрылсак “биз кабыл ала албайбыз” деп дарыгерлер карабай жатат. Азыр өпкөсүнө улам суу толуп, бир жумада беш литрден суу алдырып жатабыз. Дарыгерлер “тездеткиле, убактыңар аз” деп жатышат», - деген М.Таштанбекова.

Мээрим

Мындан улам Мээргүлдүн жакындары элден жардам сурап кайрылууга мажбур болушкан.

Мээрим (2)

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×