Бөлүмдөр
Шейшемби, 18-июнь
Чүй облусуСокулук району 20.05.2019 12:28 На русском

Сокулуктун башчылыгына ат салыша тургандардын ысымы атала баштады

Turmush -  Сокулук районунун башчылыгына талапкерлигин кое турган адамдардын аты атала баштады. Арасында өкмөттүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары жана ЖКнын депутаттыгына талапкерлигин коюп жүргөндөр да бар.

Өздүк булактардын маалыматына караганда, аты аталгандардын сап башында өкмөттүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Элкинбек Ашырбаев, мурунку аким Болот Саткеев - Президенттин аппаратынын мамлекеттик башкаруу саясаты жана уюштуруу-инспектордук иш бөлүмүнүн инспектору бар. Ошондой эле, Бишкек шаарынын мэриясында мурун иштеп кеткен Алыбек Биримкулов (ал мурунку аким Темирлан Биримкуловдун уулу), Сокулук районунун салык кызматынын мурунку жетекчиси Касымбек Кубатов жана Кыргыз Республикасынын Айыл чарба кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин төрагасы Омор Арстанбековдор да бар. Ал «Кыргызстан» саясий партиясынан Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлигин койгон. Тизмеде 152чи болуп турган.

Буга чейин Сокулук райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы Таалайбек Корголдоев отставкага кеткендиги кабарланган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×