Бөлүмдөр
Шейшемби, 16-июль
Баткен облусуБаткен району 20.05.2019 09:40 На русском

Афганистан, окуткан кайын ата, келиндерден ардануу, алтын кайын эне: Максатай жеңенин таржымалы (сүрөт)

Turmush -  Баткен районунун Рават айылынын 42 жаштагы туругуну Максатай Мажитова мектепти бүтөрү менен турмушка чыккандыктан кайын журту жогорку билимдүү кылып окуткан. Аймактык кабарчы жеңекеден кабар алды.

Өзүнүн айтымында, жолдошу Тажибай Гапаров экөө 25 жыл мурда баш кошушкан.

«Мектепти аяктай элек жылдары үй-бүлөбүз менен Лейлек районунун Жаштык айылына көчүп бардык. Жаштык айылында кайын эжем менен кошуна болуп жашап жүрдүк. Кайын эжем мени байкап, сынап жүрүптүр. Мектепти аяктап калганымда кайын атама мени көрсөтүптүр. Ал «турмушту алып кете ала турган кыз экен, келин кылып алам» деп ата-энеме жуучу түшүп эле, келин кылып алды. 1994-жылы ноябрь айында туугандарым мени келин кылып, Раватка көчүрүп барышты. Ошол учурда азыркыдай тегиз жолдор, унаалар жок эле. Унаада бара жатабыз, жол өтө узак болуп кетти. Өмүрүмдө көрбөгөн айылга келдик. Ошондо «биз Афганистанга келдикпи?» дегеним эсимде. Айылга жаңы келин болуп келгенимде айылдын келиндеринин көпчүлүгү уй, бээ саайт экен. Мен эмне үчүн уй, бээ саай албайм деп арданып жүрүп үйрөнүп алдым», - деди ал.

Максатай айым кесиби боюнча орус тилчи мугалим.

«Кайын атам мектеп жетекчиси, мугалим болуп иштечү. Мага да «жогорку билим ал. Мектепте орус тилчи мугалим жетишпейт. Орус тилчи мугалим бол» деп сунуштады. Мен болсо мектепте математика сабагын жакшы окучумун. «Математик мугалимдикке окуюн» десем, кайын энем дарыгерликти сунуштады. Акыры орус тилчи боюнча жогорку билим алдым. Ошол учурда кыз-келиндер турмушка чыккан соң көпчүлүгү окууларын улантпай койсо, тескерисинче келин болуп келип жогорку билим алган жалгыз мен болсом керек.

Кайын энем болсо колу жөндөмдүү экен деп айылдагы чебер эженин үйүнө алып барып, ар кандай саймачылыктын түрлөрүн үйрөнүүгө себепчи болду. Убактыбыз болгон күндөрү өзү жетелеп барып, мен үйрөнчүмүн. Кайын энем 2-3 саатка чейин мени күтүп отурчу. Алардын жакшылыктарын эч качан унутпайм. Мага келин эмес, кызындай мамиле кылышкан», - деди ал.

Каарманыбыз буга катар эле турмуштук кыйынчылыктарга карабастан жолдошу экөө тең мугалимдик кесиптерин таштабаганын айтты.

«Турмушта ар кандай учурлар болуп келе жатат. Бирок жолдошум экөөбүз эч сен, мен дебестен бири-бирибизди түшүнүп, турмуш улап келебиз. Мен да, жолдошум да мугалимбиз. Балдарыбыз жаш учурунда материалдык жактан жетишпестиктер болуп, жолдошум шаарга барып иштөөнү сунуштаган. Бирок балдарыбызды кимге таштап кетебиз деген суроо менен бара албай калганбыз. Учурда мугалимдердин да айлык акысы көтөрүлүп, турмуш тиричилигибизде материалдык көйгөйлөр чечилип, сүйүктүү кесипти аркалап жатабыз», - деди ал.

Максатай жеңе 5 баланын апасы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×