Бөлүмдөр
Жекшемби, 16-июнь
Нарын облусуАт-Башы району 19.05.2019 20:44 На русском

Ат-Башыда депутат Р.Момбеков 32 жаштагы мугалимге кымбат саатын «алдырып жиберди»

Turmush -  Ат-Башы районунда Жогорку Кеңештин депутаты Рыскелди Момбеков (КСДП) Терек-Суу айылынын тургуну, мугалим Белек Төлөгөновго кол саатын берди. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Кечээ, 18-майда Ат-Башыга Жогорку Кеңештин депутаттары иш сапары менен келип, эл менен жолугушуп, алардын көйгөйлөрүн угушту. Депутаттар менен чогуу Рыскелди Момбеков да келген.

Жолугушуу учурунда мектеп мугалими, айылдык кеңештин депутаты Белек Төлөгөнов депутаттарга суроо берип жатып, Р.Момбековдон саатын белекке берүүнү сураган.

«Жыйынга Р.Момбеков келгенде сааты болсо саатын, ал жок болсо калем сабын сурасамбы дегем. Колунда сааты бар экен. Бирок кымбат экенин билген эмесмин. “Рыскелди байке, сиздин фанатыңыз болом. Кол саатыңызды сурасам тапшыра алат белеңиз?” деп сурагам. Анда депутат “саатымды сурадың, дагы жакшы бул жактагы эжелер шакегимди сураган жок. Биринчи жолу ыңгайсыз абалга туш болдум. Оңго барсам атым өлөт, солго барсам өзүм өлөм. Сен дагы мендей депутат бол, мен сага саатымды таштап кетем” деп айтты.

Саат алтын экен. Кыргыз Республикасынын президенти деген да жазуу бар экен», - деди 32 жаштагы Белек Төлөгөнов.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×