Бөлүмдөр
Шаршемби, 26-июнь
Ош облусу, Ош 18.05.2019 14:09

«Кезекти сатып жатышат»: Германиядан иштеп келүүнү каалаган студенттер виза берүүчү жайга нааразы Видео

Нааразы болгон студенттер
Нааразы болгон студенттер

Turmush -  Ош шаарында жайкы эс алууда Германияга барып, иштеп келүүнү каалаган студенттер виза ала алышпай убара. Алар кечээ, 17-май күнү Германиянын визалык борборунун алдына нааразычылык акциясына чыгышты, деп билдирди аймактык кабарчы.

Чогулган студенттер айрым тил үйрөтүү борборлору виза берүүчү жай менен келишим түзүп алып, виза алуу үчүн кезектерди сатып жатканын айтышты. Алар Германиянын Кыргызстандагы элчилигине арыз менен да кайрылышкан. Бирок жыйынтык чыкпай жатканын билдиришти.

Студенттердин айтымында, visametric.com (Оштогу Германиянын визалык борбору) сайты ачылбай, виза алуучулар өздөрүнүн электрондук кезегин билбей жатышат. Ош мамлекеттик университетинин медицина факультетинде 5-курста окуган Сайкал Пазылбек кызынын айтымында, виза алуу үчүн visametric.com сайтынан электрондук кезекке туруш керек. Бирок кезекке туруу дагы коррупциялашып кеткен.

«Visametric.com сайты аркылуу электрондук кезегибизди көрчүбүз. Учурда ал сайт иштебей, эч кандай маалымат албай жатабыз. Ошондуктан Германиянын визалык борборунун алдына келип, суроолорубузга жооп алуу үчүн топтолгонбуз. Эмне үчүн сайт иштебей, өздөрү да эч кандай маалымат бербей жатышат? Мен жайкы эс алууда 3 ай Германияда иштеп келейин дегем. Иш берүүчү менен келишим түзүп, 300 евро төлөгөм. Эгер виза берилбесе, акчам күйүп кетет. Айрым билим берүү борборлору ушул визалык борбор менен келишим түзүп, виза алуунун кезегин сатып жатышканын угуп жатабыз», - дейт студент Сайкал Пазылбек кызы.

Ош мамлекеттик университетинин чет тилдер факультетинин немис тили кафедрасынын мугалими жана жайкы эс алууда студенттерди иштеп келүү үчүн Германияга жөнөтүү программасынын Оштогу өкүлү Жумагүл Сарыкбаеванын айтымында, кезекке туруу жана документтерди толтуруу студенттер үчүн акысыз болуш керек.

«Көйгөй — студенттердин виза албай жатканында болуп жатат. Азырынча бул көйгөйдүн эмнеден улам келип чыккандыгы белгисиз. Убакыт аябай аз калды. Visametric.com сайтынан онлайн катталса болот, бирок акыркы күндөрү белгисиз себептер менен иштебей, виза алуу үчүн кезекке тура албай жатышат. Негизи бул программа акысыз, эч кимдин акча талап кылганга акысы жок. Азыр студенттердин колдорунда Германиядагы жумуш берүүчүлөр менен түзүлгөн келишими бар», - деди Жумагүл Сарыкбаева.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×