Бөлүмдөр
Жекшемби, 21-июль
Талас облусуБакай-Ата району 07.07.2019 23:00

Айыл турмушу: Бакай-аталык Г.Мамбетова көлөмү стандартка туура келбеген адамдардын кийимин тигет (сүрөт)

Turmush -  Бакай-Ата районунун Кең-Арал айылынын 65 жаштагы тургуну Мамбетова Гүлүпа апа 40 жылдан бери тигүүчү болуп эмгектенип келет. Аймактык кабарчы чебер ападан кабар алды.

Анын айтымында, азыркы учурда көлөмү стандартка туура келбеген адамдардын кийимин тигет.

«1974-жылы Фрунзе шаарындагы №17 лицейдин тигүүчү бөлүмүн аяктагам. Мектепте окуп жүргөндө эле тигүүгө кызыкчумун. Окууну аяктаган соң кийим тигүүчү фабрикаларда иштеп келгем. 1974-жылы Кең-Арал айылына келин болуп келдим. Союз тараган соң өзүбүзчө бөлүнүп, өз алдыбызча кийим тигип, аларды сатып калдык. Көбүнчө кары кишилердин, молдолордун, атайын формаларды тигип беребиз. Стандарт кийимдин өлчөмү чак келбегендер болот. Алар дагы буйрутма берип, көп кайрылышат. Көбүнчө кары кишилер өлчөмүн базардан таппай келишет.

Кийимди 3 саттан ашык отуруп тигесиң. Бычмачы бычып берген соң, тигип даярдап беребиз. Чапандар 1000 сомго тигилсе, көйнөктөр 400-500 сомдон тигилет. Кардарларыбыз кездемелерин өздөрү алып келишет. Бизден дүңүнөн алышып, дүкөндөрдө сатышат», - деди ал.

Тикмечи апа 2 уул, 2 кыздын энеси.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×