Бөлүмдөр
Шейшемби, 18-июнь
Баткен облусу, Айдаркен 17.05.2019 16:05

Кадамжайда окуучулар арасында аскердик спартакиада өттү

Turmush -  Кечээ, 16-майда Кадамжай районунун Айдаркен шаарындагы чек ара отрядынын базасында окуучулар арасында аскердик спартакиада өттү. Бул тууралуу акимчиликтен билдиришти.

Маалым болгондой, иш-чара окуучулардын мекенге болгон сүйүүсүн ойготуу, патриоттуулукка үндөө максатында Кадамжай бириккен райондук аскердик комиссариаты тарабынан уюштурулду. Ага 15 айыл өкмөттөгү мектептерден келген командалар катышты. Алар бир темпте басуу, 100 метрге чуркоо, граната ыргытуу, 1 чакырым аралыкка чуркоо, турникке тартылуу, автоматты чачып, кайра жыйноо боюнча таймашты. Жыйынтыгында 1-орунду Кадамжай шаарынын, 2-орунду Масалиев айыл өкмөтүнүн, 3-орунду Халмион айыл өкмөтүнүн командасы ээледи. Алар баалуу белектер менен сыйланышты.

Бул иш-чара жыл сайын өткөрүлүп турмак болду.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×