Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 16-декабрь
Ош облусуЧоң-Алай району 17.05.2019 13:31 На русском

Төө менен топоздун эбин тапкан чоң-алайлык миллионердин чарбасы. Видео

Turmush -  Чоң-Алай районунун Чоң-Алай айыл өкмөтүнө караштуу Жар-Башы айылынын тургуну Эшмамат Патаев мал чарбачылыгы менен алектенет. Анын чарбасында 150 топоз, 12 төө, 300 кой, 40 уй, 20 жылкы багылат. Фермер менен аймактык кабарчы таанышты.

Эшмамат мырзанын атасы дагы убагында төө багып, уулуна 2 төө бөлүп берген.

«Төө багуу түйшүк деле жаратпайт, бирок төө башка мал жеген чөптү жебейт. Төөлөр кышында деле эшикте багылат, себеби алар 40-50 градус суукка чыдамдуу болушат. Жаз келери менен жайытка чыгарылат. Биздин аймакта төө тикен чөбү көп болгондуктан аны жыйып коёбуз. Андан сырткары төө тал, чычырканактарды да жейт. Төөлөрдүн эң чоңу 120 миң сом, тайлактары 30-35-миң сомго бааланат. Көбүнчө аламан улак тартыш мелдештерине байгеге же курмандыкка чалууга, дарылыкка деп сатып алышат. Төө эки жылда бир тууйт», - дейт фермер.

Анын айтымында, топоздун этин сатууда кыйынчылык жаралат. Ал Кыргызстан башка мамлекеттер менен эт азыктарын экспорттоо боюнча активдүү иштешсе деген оюн билдирди.

«Бир убакта топоздордун санын 200гө жеткиргем, бирок бара-бара азайтып жатып, учурда 150 баш топоз калды. Аларды жаз келери менен жайытка чыгарып, малчыдан кабар алып турабыз. Карышкыр кол салбаса тез эле көбөйөт. Бир жолу 17 баш топозду жоготуп, таппай калганбыз. 2012-жылы 50 баш топозду кар басып калган. Эң чоң буканын салмагы 700-800 килограммга чейин барат, бирок 350 килограмм гана эт берет», - деди Эшмамат мырза.

Жылкыларга да кызыккан фермер үйүргө кошуу үчүн карабайыр асыл тукум жылкысын 120 миң сомго сатып алган. Ошондой эле ал малга чөп, жем даярдоо үчүн жылына 1,5 миллион сомдой сарптайт.

Быйыл айыл чарба министринин орун басары Жаныбек Керималиев Эшмамат мырзага фермердик чарба макамын алууну сунуштаган. Учурда ал боюнча документтештирүү иштери жүрүп жатат.

Эшмамат Патаев 6 баланын атасы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×