Бөлүмдөр
Жума, 24-май
Нарын облусуАт-Башы району 16.05.2019 20:19

Ат-Башынын Ача-Кайыңды айылындагы футболдук аянтча оңдоого муктаж

Turmush -  Ат-Башы районуна караштуу Ача-Кайыңды айылында кичи футболдук аянтча газонун алмаштырууга муктаж. Бул тууралуу аймактык кабарчыга Ача-Кайыңды айылдык кеңешинин төрагасы Азамат Мурзалиев билдирди.

Маалым болгондой, Ача-Кайыңды айылындагы кичи футболдук аянтчаны мындан 4 жыл мурун айылдагы 1978-жылы төрөлгөн жигиттер салдырып беришкен. Андан бери бир дагы жолу оңдоп-түзөө болбогондуктан футболдук аянтча жараксыз абалга кептелип калган.

«1978-жылкы агаларыбыз кичи футболдук аянтчасын айыл өкмөтү менен биргеликте жасап беришкен. 3-4 жылдын ичинде газонубуз эскирип, жараксыз абалда турат. Биздин айылдын футболчулары 2 жылдан бери Бишкек шаарына, Нарын шаарына барып ойноп жүрүшөт. Мурда союз кезинен баштап эле Ача-Кайыңды колхозунун атынан ата, агаларыбыз Алматага чейин барып ойноп келишчү. Спорт жаатында көп эле ийгиликтер бар. Демөөрчү агаларыбыз жардам берип койсо жакшы болот эле. Жардамга муктаж болуп турабыз. Айылдык кеңешке айыл эли газонду алмаштыруу боюнча кайрылышкан, бирок биздин бюджет көтөрө албайт. Дотациядан чыга элек айыл өкмөт болуп эсептелебиз. Газондун орточо баасы 600-800 миң сом», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×