Бөлүмдөр
Шаршемби, 22-май
Нарын облусу, Нарын 16.05.2019 19:03

Нарын ОИИБде «Бирдиктүү терезе» ачылды

Turmush -  Бүгүн, 16-майда Кыргыз Республикасынын ички иштер министри Кашкар Жунушалиев Нарын облусуна иш сапары менен келди. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Маалым болгондой, ал «Бирдиктүү терезенин» ачылыш аземине катышып, Нарын ОИИБдин иши жана милиция кызматкерлерине салынып жаткан көп кабаттуу турак үйдүн курулушу менен таанышты. Ошондой эле министр журналисттер менен маектешип, аткарылып жаткан иштерге токтолду.

«2018-жылы министр болгондон кийин республиканын бардык аймактарын кыдырып, ошол жерде иштеп жаткан биздин кызматкерлердин иштери, жашоосу менен тааныштым. Ошол эле учурда райондук, облустук жетекчилерге кандай өзгөртүү киргизүү жөнүндө, кандай иштерди аткаруу керектиги боюнча атайын талаптарды коюп кеткем. Бул жерде мурда коюп кеткен талаптын бардыгы аткарылбаса дагы 80 пайызы аткарылган экен.

Ички иштер органдарында жумушту 4 багытта алып барганбыз. Алардын биринчиси — коомдук тартипти сактоо, кылмыштуулук менен күрөшүү, экинчиси — кызматкерлер арасындагы тартипти сактоо жана өзүбүздүн арабыздагы коррупция менен күрөшүү, үчүнчү багыт — элибиздин милицияга болгон ишенимин өнүктүрүү, төртүнчүсү — ИИМдеги реформа.

Бүгүн мына Нарын ОИИБдин имаратында «Бирдиктүү терезе» ачылды. Эртең Ысык-Көл облусунда, кийинки жума Талас облусунда ачылат. Ошентип, план боюнча май айынын аягына чейин бардык аймактарда «Бирдиктүү терезелер» иштейт. «Бирдиктүү терезе» режиминде арыз менен кайрылууда убакытты үнөмдөөгө, маалыматтарды киргизүү жана акы төлөө механизмин жөнөкөйлөтүүгө, ошондой эле көрсөтүлгөн кызматтардын сапатын жогорулатууга шарт түзөт. Биринчи кезекте бул биздин милиция кызматкерлери арасындагы коррупцияны жоюуга багытталды», - деди ал.

Мындан тышкары министр ички иштер органдарындагы кадр маселеси жөнүндө, кылмыштуулук боюнча берилген суроолорго дагы жооп берди.

«Кадр боюнча, өзүңүздөр билгендей дайыма кызматкерлер жетишсиз болуп келген. Ачыгын эле айтыш керек, биздин ишке «мен кыргыздын жаранымын, мен кыргыздын кыраан жигитимин» дегендер келишет. Азыр андайлар келип жатышат.

Эгер статистикалык маалыматтарды карасак, 2017-жылга салыштырмалуу 2018-жылы кылмыштын саны бир аз өскөн. Бирок оор кылмыштардын саны азайган. Бул биздин кызматкерлердин өзүнүн ишине түз карап, алдын ала иштерди аткарып жаткандыгын билдирет», - деди К.Жунушалиев.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×