Бөлүмдөр
Жума, 24-май
Нарын облусу, Нарын 16.05.2019 18:37 На русском

Кытай кыргыз милициясына 300 млн сомдук техникалык жардам берүүдө

Turmush -  Кытай Эл Республикасы Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын материалдык-техникалык базасын жакшыртуу үчүн 300 млн сомдук жардам берүүдө. Бул тууралуу министр Кашкар Жунушалиев журналисттерге берген маегинде билдирди.

Бүгүн, 16-майда Кыргыз Республикасынын ички иштер министри Кашкар Жунушалиев иш сапары менен Нарын шаарына келди.

«Кечээ эле Кытай Эл Республикасынын министри менен жолуктук. Техникалык жардам көрсөтүү боюнча маселе көтөрүлдү. Ачыгын эле айтайын, бизге болжол менен 300 млн сомго материалдык-техникалык жардам берип жатат. Бул иш эки тараптуу келишимдин негизинде жүрүп жатат. Учурда Ички иштер министрлиги тарабынан башка өлкөлөр менен дагы сүйлөшүүлөр жүрүүдө», - деди К.Жунушалиев.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×