Бөлүмдөр
Жума, 24-май
Ош облусу, Ош 16.05.2019 18:33 Жаңыланды: 16.05.2019 19:58 На русском

Ошто жүргүнчүнү муштаган жол тескөөчү жазаланбайт. Окуянын видеосу

Turmush -  Ош шаарында жүргүнчүгө орой мамиле жасаган жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн кызматкери жоопко тартылбайт. Бул тууралуу Ош шаардык ЖКККБнын басма сөз катчысы Рашид Сыдыков билдирди.

Маалыматка караганда, ушул жылдын 8-майында Ош шаарынын Ленин жана А.Мамажанов көчөлөрүнүн кесилишинде «Хендай Портер» унаасын башкарып бара жаткан айдоочу байкабай каршы тилкеге чыгып, кичи автобустун жолун тороп калган. Ачуусу келген кичи автобустун жүргүнчүсү ошол жердеги жол тескөөчүгө кыйкырып, унаадан түшкөн.

«Жүргүнчү агрессивдүү маанайда болгондуктан жол тескөөчү "тапанчамды тартып албасын" деп аны түртүп, өзүнөн алыстатууга мажбур болгон. Ошондой эле ЖКККБнын инспектору жүргүнчүнү милиция кызматкерлерине өз убагында өткөрүп берүүгө жетишпей калган. Жол тескөөчү бул кадамы үчүн эч кандай жоопко тартылбайт», - деп айтылат билдирүүдө.

Ленин көчөсүндөгү кыймыл бир тараптуу. Окуянын видеосун Азамат Ормокеев аттуу колдонуучу өзүнүн ютубдагы каналына жүктөгөн.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×