Бөлүмдөр
Бейшемби, 23-май
Нарын облусу, Нарын 16.05.2019 18:14

Министр К.Жунушалиев Нарында милиционерлерге курулуп жаткан турак жай менен таанышты

Turmush -  Бүгүн, 16-майда Нарын шаарына Кыргыз Республикасынын ички иштер министри Кашкар Жунушалиев иш сапары менен келип, милиция кызматкерлерине салынып жаткан турак жайдын курулушу менен таанышты. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Кашкар Жунушалиев турак жайдын курулушу менен таанышып жатып, 5 кабаттуу турак жай сапаттуу бүткөрүлүп, ушул жылдын күз айларында батирлердин ачкычтары милиция кызматкерлерине тапшырылышы керектигин баса белгиледи.

Милиция кызматкерлери үчүн салынып жаткан 5 кабаттуу турак үйдүн курулуш иштери 2017-жылы башталган. Көп кабаттуу турак үй 60 батирлүү болуп курулууда. Анын ичинде 2 бөлмөлүү 15 батир, 1 бөлмөлүү 45 батир бар. Жалпы сметалык баасы 77 млн сом.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×